Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомунун Жобосуна ылайык, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын курамына кирүү үчүн жарандык коомдун талапкерлерин тандоого сынак жарыялайт.
Комиссиянын курамына жарандык коомдун талапкерлерин тандоо Комиссиянын ишине катышуунун ачык-айкындуулук жана ыктыярдуулук принциптеринде жүргүзүлөт.
Комиссиянын курамына кирүүнү каалаган жарандык коомдун талапкерлери Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:
– жеке арызын;
– паспортунун көчүрмөсүн;
– резюме;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсүн жиберет.
Арыздарды кабыл алуу жарыяланган күндөн тартып он беш календарлык күндүн ичинде Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.