Чаек айылындагы Арманбек Өмүралиев атындагы № 26-Кесиптик лицейи капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды
Лицей 14 млн 714 миң сомго Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган жана Кыргыз Республикасынны Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү көндүмдөр” долбоорунун алкагында окуу жайда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн жана жабдуулар менен камсыздалган. Лицей 1971-жылы №26-Кесиптик-техникалык окуу жайы болуп ачылган. 1996-жылы Кесиптик лицей статусун алып,…