/06.08.2025/ Бүгүн Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы көп балалуу энелерди сыйлады.
Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Набиев “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалын тапшырып, чакан белектерин ыйгарды.
Жалпы район боюнча жалпы 38 эне, алардын ичинен 22 эне “Баатыр эне” ордени менен 16 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты.
Сыйлык алгандардын эң жашы 30 жашта болсо, эң улуусу 76 жашта.
Маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу
шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды ар тараптан өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 370 Жарлыгы кабыл алынып, калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, 2026-жылдын 1-январынан тартып төрөгөн көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмү белгиленген. Ага ылайык, 4-балага 100 миң сом бериле турган болсо, 10-балага 2 млн сом берилет.
Рубрикалар:
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
- Жумгал районунун туристтик потенциалы
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомунун Жобосуна ылайык, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын курамына кирүү үчүн жарандык коомдун талапкерлерин тандоого сынак жарыялайт.
- Жер мунапысынын алкагында Түгөл-Сай айыл аймагынан кабыл алынган 48 арыздын алдын ала түзүлгөн тизме
- Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы көп балалуу энелерди сыйлады.
- Жумгал районунда 2025-жылдын жарым жылдык жыйынтыктоочу коллегиясы өттү
Жаңылыктар календары
Май 2026 Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 
Материалдар архиви
Пайдалуу шилтемелер:

