2025-жылдын 15-майында, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Чаек айылындагы бир катар өндүрүштүк объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Сапардын жүрүшүндө министр Чаек айылындагы темир-бетон курулуш материалдарын чыгаруучу заводго барды. “Жумгалсуукурулуш” ачык акционердик коому 1995-жылы түзүлүп, курулуш жана айыл чарба багытында иш алып барып келет. 2023-жылдын июль айынан баштап, компания темир-бетон шакекчелерин чыгаруучу заводду иштетүүдө. Анда 60 жумушчу орун түзүлүп, саатына 30 м³ темир-бетон буюмдары чыгат. Долбоордун жалпы наркы 200,0 миң АКШ долларын түзөт. Ишкананын жетекчиси Н.А. Исагулов билдиргендей, завод райондун таза суу жана ирригация курулуштарына керектелүүчү материалдар менен камсыз кылууда.
Министр сүт азыктарын чыгаруучу ишкананын ишмердүүлүгүн көрүп чыкты. 2019-жылы жеке ишкер тарабынан негизделген жана 2021-жылы “Көчмөн Азыгы” ЖЧКсы болуп кайра түзүлгөн сүт заводу суткасына 1000 литрге чейин сүт продукциясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Ишканада жалпы 12 адам эмгектенип, 12 түрдөгү азыктарды чыгарат.
Мындан сырткары, министр “Обосек” ЖЧКсына караштуу минералдык суу чыгаруучу цехтин ишмердүүлүгү менен таанышты. Цехте Байзак айыл аймагына караштуу Кара-Кече өрөөнүндөгү деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктиктеги Нарзан участкасынан алынган минералдык сууну таңгактап чыгаруу аракети көрүлүүдө. Ишканага 2024-жылы 9 миң долларлык жабдуу орнотулуп, 2025-жылдын башында кошумча 70 миң долларлык жабдуулар алынган. Цех жеңил конструкцияда курулуп, тиешелүү техникалык шарттар жана уруксат кагаздар алынган. Ошондой эле, ишкананы мамлекеттик реестрге киргизүү жана видео көзөмөл тутумун орнотуу иштери жүрүп жатат. Цехти 2025-жылдын август айында ишке берүү пландалууда.
Ишканалар менен таанышуу учурунда министр Бакыт Төрөбаев мындай долбоорлор жергиликтүү элди жумуш менен камсыздоого жана аймактардын экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошорун баса белгиледи.

Жооп калтыруу