Жумгал районунун тарыхы
Жумгал району Нарын облусунун түндүк-батышында жайгашкан. 19-кылымдын башында (30-жылдарга чейин) Кокон хандыгына, 1868-жылдан Орусия империясынын Түркстан губернаторлогуна, кийин Жети-Суу облусунун Нарын уездине, 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Каракол-Нарын округуна, 1926-жылы Нарын кантонунун Кочкор-Жумгал болуштугуна караган. 1930-жылы өзүнчө район болуп түзүлгөн. 1932-жылы Кочкор району менен биригип, Сталин району аталган. 1935-жылы Сталин районунан бөлүнүп өзүнчө район болуп түзүлгөн. 1962-жылы Тянь-Шань облусу жоюлганда Кочкор районунун тутумуна кошулган. 1965-жылы кайрадан өзүнчө район болуп бөлүнгөн. 1981-жылы Жумгал районуна Суусамыр кошулуп, 1992-жылы кайра бөлүнгөн.