ОКУУЧУЛАР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДАН САКТАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИН ҮЙРӨНҮШТҮ

 26-февралда Түгөл-Сай айылынын С. Медетов атындагы орто мектебинин окуучуларына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана сактануу эрежелери боюнча сабактар өткөрүлдү.
Окутуу машыгууну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жумгал райондук бөлүмү жана БУУнун ЮНИСЕФ уюмунун ыктыярчылары менен биргеликте уюштурушту.
Машыгуу учурунда “Айгай” жарыяланып окуучулардын өрттөн, жер титирөөдөн жана сел кырсыктарынан сактануу даярдыгы текшерилди.
Андан сырткары “Тез жардам” кызматы менен Жумгал райондук Ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо кызматы тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.
Атайын-тактикалык машыгуунун максаты — мектеп окуучуларын өзгөчө кырдаалдарга даярдоо, куткаруучулук кесипти пропагандалоо, мекенчилдикке тарбиялоо болуп саналат.

Жооп калтыруу