Элдик жыйын. Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүндө
/21.02.2024/ Бүгүн, район акими А.Набиев М.Акимкожоев атындагы маданият үйүндө Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту.
Алгач айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусупов айылда 2023-жылда аткарылган иштери тууралуу маалымат берди. Андан соң айыл тургундарынын басымдуу бөлүгү жер жана ирригация тармагына байланыштуу болгон суроолорун берип, ал суроолоруна тиешелүү жетекчилерден жооп алды.
Ошондой эле, элдик жыйында Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүндө 2024-жылы аткарыла турган иштер талкууланып, алдыга максаттар коюлду.