Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын кезектеги отуруму өттү

2024-жылдын 29-ноябрында Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын отуруму өтүп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, балдарга карата жасалган зомбулуктун алдын алуу, ошону менен бирге балдардын арасында кылмыштуулуктун абалы жана балдардын укуктарын коргоо багытындагы маселелер талкууланды.
Бул отурумга аппарат жетекчи М.Тентиев, райондун прокурору Т.Абдибаитов, билим берүү бөлүмүнүн, ички иштер бөлүмүнүн, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери, социалдык педагогдор, айыл өкмөттүн социалдык адистери катышты.
Балдар арасындагы жана балдарга карата жасалган кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зомбулуктун жана эрте никенин алдын алуу боюнча 2024-жылдын 11 айында жүргүзүлгөн иштер боюнча мекемелер маалымат берди.
11 ай аралыгында 10 отурум, ата-энелердин, окуучулардын, мугалимдердин катышуусунда 45 семинар-тренинг, 28 жолу жолугушуулар өткөрүлгөн.
Зордук зомбулук фактысы 2023-жылдын 11 айына салыштырмалуу 8 учурга азайган.
Жыйында балдар арасындагы жана балдарга карата жасалган кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зомбулуктун жана эрте никенин алдын алуу боюнча маселелер талкууга алынып, сунуш-кенештер айтылып, жыйынтыгында чечим кабыл алынды.

Жооп калтыруу