Таяк тартыш боюнча облус башчысынын Кубогунда Жумгалдык балбандар байгелүү кайтты

Таяк тартыш боюнча облус башчысынын Кубогунда Жумгалдык балбандар байгелүү кайтты
2025-жылдын 9-апрелинде, Нарын шаарындагы “Газпром” спорттук комплексинде спорттун таяк тартыш түрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогу өттү.
Облуста 3-ирет өтүп жаткан таяк тартыш боюнча мелдеш 15 жаштан өйдө курактагы эркек, кыз-келиндер арасында өткөрүлүп, жалпы 150 катышуучу болгон.
Жумгал районунан барган 7 балбандын 5и байгелүү кайтып, анын ичинен 3 балбан 1-орунду камсыз кылган.
-Акбарова Чолпонай 45 кг салмакта 1- орун
-Нурмаматова Зульфия 65 кг салмакта 3-орун
-Ибраимов Билал 70 кг салмакта 3-орун
-Канатбеков Жаныбек 125 кг салмакта 1-орун
-Нарынбеков Жолдошбек 105 кг салмакта 1-орун
Мелдештин жыйынтыгы менен спортчулар Нарын облусунун курама командасынын курамында, 11-12-13-апрель күндөрү өтүүчү Кыргыз Республикасынын таяк тартыш боюнча чемпионатына катышат.

Жооп калтыруу