Балдар арасында жана балдарга карата жасалган кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча отурум өттү


2025-жылдын 9-апрелинде Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын отуруму өтүп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, балдарга карата жасалган зомбулуктун алдын алуу, ошону менен бирге балдардын арасында кылмыштуулуктун абалы жана балдардын укуктарын коргоо багытындагы маселелер талкууланды.
Бул отурумга акимдин орун басары Аида Ишеналиева, райондун прокурорунун орун басары Абдразак уулу Абдулхак билим берүү бөлүмү, ички иштер бөлүмү, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары социалдык адистери менен катышты.
Балдар арасындагы жана балдарга карата жасалган кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зомбулуктун жана эрте никенин алдын алуу боюнча 2025-жылдын 3 айында жүргүзүлгөн иштер боюнча мекемелер маалымат берип, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жооп калтыруу