Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жөө жүрүш өттү

/02.12.2024/ Чаек айылында 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жөө жүрүш өттү.
Ага Чаек айылындагы 3 мектеп, №26 кесиптик лицейи, мекеме кызматкерлери, жана дарыгерлер катышты.
Жөө жүрүшкө катышкан райондун спидолог дарыгери Б.Бейшебаева жыл сайын уюштурулуп жаткан мындай жөө жүрүштөр жаштардын жаркын келечеги, калктын оорунун алдын алуу үчүн маалыматтуулугун жогорулатуусу жана дени сак жашоосу үчүн маанилүү экендигин айтты.
Элдин маалымдуулугун күчөтүү үчүн бир айлык жарыяланып анын алкагында райондогу коомго кызмат көрсөтүүчү мекеме-ишканаларда, чач-тарач, сулуулук салондорунда иштеген кызматкерлерден ВИЧ инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттер алынган.

Жооп калтыруу