Райондун аймагында 2023-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгы менен 2 525 202,2 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 387 097,3 миң сомго көбөйүп, же өсүү темпи 118,1 %ды түздү. Физикалык көлөмдүн индекси 102,0% болду.
Өнөр жай продукциясынын көлөмү
Көрсөткүчтөр |
өлчөө бирдиги |
2022-жылдын
январь-декабрь айларынын фактысы |
2023-жылдын январь- декабрь айларынын | |
факты |
фактка карата % менен | |||
өнөр жай продукциясынын көлөмү | ||||
аракеттеги бааларда | мин. сом | 2 138 104,9 | 2 525 202,2 | 118,1 |
физ. көлөмдүн индекси % | 102,0 | |||
Продукциянын маанилүү түрлөрүн өндүрүү | ||||
Көмүр | тонна | 1 687 274 | 1 708 135 | 101,2 |
Район боюнча 2023-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгы менен 1 708 135 тонна көмүр өндүрүлүп, бул көрсөткүч 2022-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 20861 тоннага көп казылган, же 101,2 %ды түздү.
Райондо негизги 21 өнөр жай ишканаларынын ичинен 2023-жылдын январь-декабрь айларында 13 көмүр ишканасы көмурдү ачуу жана тазалоо, жүктөө иштерин жүргүзүүдө (Кара-Кече филиалы, Шарбон ЖАК, Ак Жол Көмүр ЖЧКсы, Панд Шер ЖЧКсы, Амин Групп ЖЧКсы, Минерал Прайм ЖЧКсы, Разрез Мин-Куш ЖЧКсы, Юнд Ми Ко ЖЧКсы, Берекет Кен ЖЧКсы, Узун булак ЖЧКсы, Нарын Кен ЖЧКсы, Бурана Плюс ЖЧКсы, Мин-Куш филиалы).
“Бурана плюс” ЖЧКсы көмүрдү чалгындоо иштерин жүргүзүп бүтүп, жаңы техникаларды алып келип, тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Ал эми, “Ак-Улак” участкасында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Мин-Куш” филиалы ачылып, “Шанси Коал Инвестмент” Кытай компаниясы менен биргеликте жаңы техникалар алынып келип, базалары курулуп, көмүрдү тазалоо жана ачуу иштерин баштады. Учурда 97 адам эмгектенүүдө.
Район боюнча 2023-жыл ичинде 4 ишкананын лицензиясы жокко чыгарылды:
Алар: “Жумгалсуукурулуш” ЖЧК лицензиянын пайдалануу мөөнөтү бүттү, “Демилге плюс ЛТД”ЖЧК, “Нарын Көмүр”ЖЧК, “Атай Групп” ЖЧКнын лицензиясы кайтарылып алынды.
Ал эми 4 ишкана токтоп турат. “АГК-Тоо Инвест” ЖЧК, “Миң-Куш Коал Индастри” ЖЧК, Мин-Куш Коал Интерпрайзес” ЖЧКлары белгисиз себептерден улам 2019-2020-жылдан бери токтоп турса, “Центр Азия Уголь” ЖАК 2019-жылдан бери берилген лицензиянын аймагында Ак-Улак участогунун тургундарынын үйлөрү жайгашкандыктан, компенсация төлөп берүү менен көчүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келгендиктен токтоп турат. Учурда соттун кароосунда.
Район боюнча, 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине жалпы 26 047 тонна көмүр отуну керектелет, мунун ичинен бюджеттик мекемелерге (саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жылуулук ишканасы жана айыл өкмөттүн имараттары) 6047 тонна көмүр отуну керектелинет, учурда айыл өкмөт башчылары жана тиешелүү мекеме жетекчилери тарабынан “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалы менен көмүр отунун сатып алуу боюнча түз келишимдер түзүлүп, көмүр отуну менен камсыз болду. Учурда, райондун калкын көмүр отуну менен камсыз кылуу максатында, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалы менен айыл өкмөт башчыларынын ортосунда келишим түзүлүп 22 көмүр кампасы уюштурулду. Уюштурулган көмүр кампаларында Кыргызкөмүр мамлекеттик ишканасы тарабынан жалпы 15307,8 тонна көмур отуну келип түштү. Учурда, көмүр кампаларда 675 тонна көмур отуну бар. Көмүр отуну аралыгына жараша 2300-2700-сомго чейин сатылууда.
Товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүү
Көрсөткүчтөр | өлчөө бирдиги
|
2022-жылдын январь- декабрь айларындагы факт | 2023-жылдын январь-декабрь айлары | |
факты | фактка карата
% менен |
|||
Дүң жана чекене сооданын жүгүртүлүшү, аракеттеги бааларда | миң. сом | 1 413 315 | 1 858 957 | 113,1 |
Кызмат көрсөтүүнүн көлөмү, аракеттеги бааларда | миң. сом | 610 131,0 | 875 252,00 | 143,5 |
2023-жылдын январь-декабрь айларында дүң жана чекене сооданын жүгүртүлүшү 1 858 957,0 миң сом көлөмүн түздү, бул көрсөткүч 2022-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 445 642,0 миң сомго көбөйгөн же 113,1 % түздү.
Ошондой эле, 2023-жылдын январь-декабрь айларында райондун калкына 875 252,0 миң сомдук акы төлөнүүчү кызматтар көрсөтүлдү. Алардын көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 265 121,0 миң сомго көбөйдү же 143,5% түздү.
Транспорт жана байланыш
Көрсөткүчтөр |
өлчөө бирдиги |
2022-жылдын
январь-декабрь айларындагы факт |
2023-жылдын январь-декабрь айларынын | |
факты |
фактка карата % менен | |||
Автом.унаасы менен жүк жөнөтүү | миң
тонна |
225,6 | 248,3 | 110,1 |
Автом.унаасы менен жүргүнчү ташуу | мин.
жүрг |
776,3 | 1208,5 | 155,6 |
Райондо автомобиль транспорту менен (коммерциялык ташуулар менен алектенген ишкерлердин, физикалык жактардын ташууларынын көлөмүн эске алып) отчеттук мезгилде 248,3 миң тонна жүк ташылган, бул өткөн жылдын деңгээлине карата 110,1%, же 22,7 миң тонна көп ташылган.
Автоунаа менен 2023-жылдын январь-декабрь айларында 1208,5 миң жүргүнчү ташылып, отчеттук мезгилге салыштырмалуу 155,6% (1,5 эсе) же 432,2 миң жүргүнчүгө көп ташылган.
№24 Жол тейлөө ишканасынын 2023-жылдын 12 айына аткарган иштери боюнча кыскача маалымат.
№24 Жол тейлөө ишканасынын карамагында 536 чакырым жол бар, мунун ичинен 119 чакырым жол Эл аралык маанидеги, 36 чакырым мамлекеттик маанидеги, ал эми 381 чакырым ички жолдор болуп эсептелинет. Эл аралык 119 чакырым жолдун 83 чакырымында Түндүк – Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун 3-фазасынын негизинде реабилитациялык иштер жүргүзүлүүдө.
Райондун аймагынан өтүүчү түндүк-түштүк альтернативдүү жол 151 чакырымды түзүп, курулушу 2014-жылы башталган. Жалпы жолдун курулушу 3 фазага бөлүнүп, 2 жол куруучу компаниянын иш алып баруусунда.
Баш-Кууганды-Кызыл-Жылдыз участкасы, 159-чакырымдан 183-чакырымга чейин жалпы 24 чакырымды түзөт. Курулуш иштери 2021-жылы башталып, жалпы 24 чакырым жол асфальтталды.
Ал эми, Эпкин-Баш-Кууганды участкасы, 89-чакырымдан 159-чакырымга чейин, жалпы 70 чакырым. Курулуш иштери 2017-жылы субподрядчик “Тодини” жол куруу компаниясы аркылуу башталып, курулуш иштери өз убагында жүрбөгөндүгүнө байланыштуу, 2021-жылы келишим жокко чыгып. 2021-жылдын 1-октябрында транспорт министрлигинин №2 ордери менен Чайна Рейл Вей №5 жол куруу компаниясына өткөрүлүп берилип, учурда курулуш иштерин Чайна Рейл Вей №5 жол куруу компаниясы асфальт төшөө иштерин жүргүзүп жатат. Толук курулуш иштери 2024-жылдын 24-ноябрында транспорт министринин №1 ордери менен бүткөрүлөт.
2023-жылдын титулдук планына №24 ЖТИсына жалпы 36 770,0 миң сом каралган. Мунун ичинен орто ондоо жумуштарына 27 150,0 миң сом каралган алар:
-Жумгал-Түгөл-Сай жолуна 2 чакырым асфальт төшөөгө 14400,0 миң сом каралып 11769,0мин сомдук иштер аткарылды.
-Кызыл-Туу-Чон-Дөбө жолу капиталдык салымдар беренесинен 2 чакырымына асфальт төшөө наркы-14400,0мин сом, аткарылган иштин көлөмү 14315,4 мин сом.
-Кочкор–Арал-Төө-Ашуу автожолунун 112-13,5 чакырамына чейинки (Чаек айылы, Мураталиев көчөсү) жалпы 1,5 чакырым аралыкка асфальт төшөөгө 10800,0 миң сом каралып, тендер жарыяланып 10790,0 миң сомго “Эмирхан” фирмасы утуучу болуп аныкталып, бүгүнкү күндө 1,5 чакырым жолуна асфальт төшөлдү.
-Арал-Мин-Куш жолуна дагы кум-шагыл төшөөгө 1950,0 миң сом планга каралып 3,0 чакырым аралыкка 1685,3 миң сомго жумуштар аткарылды.
Күтүү жумуштары боюнча 5520,0 миң сом каралган, бүгүнкү күндө 3163,0 мин сомго жумуш аткарылды.
Аң-чөнөктөрдү жамоо иштери боюнча үстүбүздөгү жылга 100м2 аң чөнөктөрдү жамоо иштерине 90,0мин сом каралып, учурда 64,7 миң сомго иштер аткарылган.
Кышкы күтүү жумуштарына 3500,0 миң сом каралып 3011,3миң сомуна жолдорго кум чачууга даярдык иштери жүргүзүлдү.
Жайкы күтүү жумуштарына 600,0 мин сом каралып, бүгүнкү күндө 648,1 миң сом актап-сырдоо жана башкар иштер аткарылды.
Ошондой эле, райондук №24 жол тейлөө ишканасына 1 Хово оор жүк ташуучу автоунаа, 1 атайын таптоочу автоунаа (каток), 1 Пикап жеңил автоунаасы берилди.
Айыл чарбасы боюнча
Көрсөткүчтөр |
Өлчөө бирдиги |
2022- жылдын январь-декабрь айлары | 2023 – жылдын январь-декабрь айлары |
өсүү темпи
|
||
факт | факт | |||||
Мал чарба продукциясын өндүрүү | ||||||
Эт (тирүү салмакта) | тонна | 10690 | 10797 | 101,0 | ||
Сүт | тонна | 25 587 | 25 600 | 100,1 | ||
Жумуртка | миң даана | 1605 | 1607 | 100,1 | ||
Жүн | тонна | 408 | 425 | 104,3 | ||
Айыл чарба продукциясынан эт, жүн, сүттүн өндүрүлүшү 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 100% дан кем эмес аткарылды.
«Айыл чарбасын каржылоо-11» программасынын алкагында «Айыл Банк» жана «РСК» банк аркылуу 2023-жылдын 12 айында район боюнча жалпы 147 кардарга 63 825,0 миң сом насыя берилген. Мунун ичинен, мал чарбасына 112 кардарга 52 000,0 миң сом, дыйканчылыкка 35 кардарга 11825,0 мин сом берилди.
2023-жылы район боюнча 6189 га жер айдалып, мунун ичинен дан өсүмдүктөрү 5416 га айдалса, анын 2185 га буудай, 3185 га арпа, 38 га жүгөрү, 21 га буурчак, 8 га таруу, 582 га картошка, 162 га бир жылдык чөп, 170 га жашылча отургузулуп, 9152 га чөп өсүмдүктөрү пайдаланылууда. Жаңы-Арык айылында климаттык шартка байланыштуу 94 га буудай, 400 га арпа бышпагандыгынан улам чөпкө чабылды.
Оруп жыюу дан эгиндер бүгүнкү күндө жалпы 4922 га айдалган болсо толугу менен оруп жыйналып бүткөрүлдү. Оруп жыюу өнөктүгүндө буудай 2091 гектардан 4391,1 тонна (21центнерден айланды), арпа 2785гектардан 5837,36 тонна (20,96 центнерден айланды), жүгөрү 38 га 179 тонна, таруу 8 гектар жерден 14,4 тонна, ал эми жашылча 170 гектардан 2130,1 тонна, картошка 582 гектардан 7823 тонна түшүм алынды. Тоют бурчагы 21 гектар жерге арпа менен кошо жыйналды.
Райондун дыйкан, фермерлерине быйылкы жылы жаныдан тоют буурчагын айдоо практикаланып, башкармалык тарабынан 10,0 тонна “Джекпод” сортундагы үрөн алынып келинип 21гектар жерге себилди.
Райондун бардык айыл өкмөттөрүндө тоют топтоо иштери жүрүп, көп жылдык тоют чөп жана саманы жыйналып бүгүнкү күнгө 58 837 тонна жыйналып алынды.
Айдап себүүнүн жыйынтыгы менен айдалган айыл чарба өсүмдүктөрү
Айдалган өсүмдүктөр (га)
|
Жумгал
|
Жаңы-Арык
|
Түгөл-Сай | Байзак | Чаек | Мин-Куш | жалпы |
Буудай | 134 | 458 | 370 | 675 | 454 | 0 | 2091 |
Арпа | 873 | 397 | 285 | 682 | 538 | 10 | 2785 |
Жүгөрү | 0 | 0 | 0 | 1 | 22 | 15 | 38 |
Таруу | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 8 | 8 |
картошка | 65 | 145 | 87 | 102 | 170 | 13 | 582 |
Жашылча | 3 | 21 | 15 | 27 | 79 | 25 | 170 |
Буурчак арпа менен | 0 | 0 | 2 | 10 | 9 | 0 | 21 – |
а/и бжч | 25 | 55 | 12 | 20 | 30 | 20 | 162 |
КЖЧ | 815 | 2490 | 1174 | 2080 | 2452 | 141 | 9152 |
Бардык айдоо аянт (га) | 2334 | 4400 | 2344 | 5040 | 4050 | 368 | 18536 |
а/и 2023ж пайдала
нылды |
1915 | 4060 | 1943 | 3587 | 3745 | 232 | 15482 |
Пайдаланылбаган аянттар (га) | 419 | 340 | 401 | 1453 | 305 | 136 | 3054 |
.
Пайдалынбай жаткан айдоо аянттары боюнча
Пайдаланылбай жаткан айдоо аянттары 2022-жылы 3102 га түзсө, 2023-жылы айдоо аянттары 48 гектарга кыскарып, 3054 гектарды түздү.
Район | Пайдаланылбаган
аянттар (га) |
Кыскарганы
2023-жылга карата |
|
2022-жыл | 2023-жыл | ||
Жумгал | 3102 | 3054 | 48 |
Кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) жерлери боюнча
Район боюнча КБФ жери 5 666га жер аянтын түзөт. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча бекитилген план 666,0мин сом болсо, учурда 412,314мин сом чогултулган, же болбосо 61,9 % аткарылган.
Айыл аймактар | Жалпы КБФ жери (га) | Анын ичинен | Чабынды чөп (га) | Кызыр аңыз (га) | Ижарага берилгени | Ижара акы план
(сом) |
Ижара акы факт
(сом) |
% | |||||
Жалпы айдоо аянты (га) | Анын ичинен | Суу басканы (га) | Мунун ичинен | ||||||||||
Сугат (га) | Кайрак (га) | Кайрак (га) | Чабынды (га) | ||||||||||
Жумгал | 1118 | 655 | 62 | 593 | 437 | – | 84 | – | – | 98 500 | 64 249 | 65,2 | |
Кызарт | 993 | 360 | 127 | 233 | 633 | – | 262 | 135 | – | 196 600 | 463 568 | 235,7 | |
Түгөл-Сай | 646 | 560 | 476 | 84 | 86 | – | 216,5 | – | 5 | 126 800 | 460 117 | 362,8 | |
Байзак | 2265 | 959 | 690 | 269 | 819 | 487 | 192,5 | 86,4 | – | 149 100 | 188 940 | 126,0 | |
Чаек | 604 | 456 | 304 | 148 | 148 | – | 116 | – | – | 107 000 | 180 527 | 168,7 | |
Миң-Куш | 40 | – | – | – | 14 | 26 | – | – | – | – | – | 0,00 | |
Район
боюнча |
5 666 | 2990 | 1664 | 1326 | 1511 | 539 | 871 | 221,4 | 5 | 678 000 | 1357 401 | 200,2 |
Жумгал району боюнча үрөн себилген кунарсыз жайыттардын аянты
Кызарт айылы | Куйручук айылы | Таш-Добо айылы | Кызыл-Жылдыз айылы | ||||
Контуру № | Аянт
га |
Контуру № | Аянт
га |
Контуру № | Аянт
га |
Контуру № | Аянт
га |
850 | 3,6 | 86 | 71,9 | 657 | 10,9 | 4125 | 104,6 |
848 | 1,4 | 123 | 3,0 | 658 | 9,3 | 4318 | 110,4 |
851 | 3,1 | 124 | 3,5 | 666 | 22,1 | ||
852 | 5,7 | 197 | 18,2 | 671 | 19,8 | ||
853 | 1,7 | 196 | 3,1 | 676 | 37,5 | ||
854 | 1,2 | 85 | 14,2 | 656 | 8,4 | ||
862 | 13,2 | 182 | 10,8 | ||||
860 | 24,4 | 82 | 9,9 | ||||
864 | 4,1 | 979 | 71,4 | ||||
866 | 6,3 | ||||||
868 | 6,3 | ||||||
916 | 14,3 | ||||||
1505 | 4,9 | ||||||
1500 | 6,7 | ||||||
1502 | 6,9 | ||||||
1503 | 6,8 | ||||||
1504 | 39,8 | ||||||
1490 | 10,6 | ||||||
1595 | 9,0 | ||||||
1477 | 10,1 | ||||||
1475 | 13,9 | ||||||
Жалпы | 194,0 га | 206,0га | 108,0 га | 215,0 га | |||
Кректелуу урон (кг) | 1823 кг | 1936 кг | 1015кг | 2059 кг |
Жалпы район боюнча 723 га аянт 6833 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнү себилди. Учурда, 7230 кг эспарцеттин үрөнү кампаларда сакталып турат.
Мал чарбасы
2024-жылдын 1-январына карата өткөн жылга салыштырмалуу ири мүйүздүү мал 502 башка көбөйүп же 101,6% түздү, кой-эчкилер 3296 башка азайды же 98,2% түздү, ал эми жылкылар 101 башка же 100,4%, үй канаттуулары 62 башка же 100,1% көбөйдү.
Малдын жана үй-канаттуулардын саны боюнча 01.01.2024-жылга карата статистикалык маалымат
Айыл өкмөт
төр |
Имм | Кой-эчкилер | Жылкы | Үй канаттуулары | ||||||||
2023-ж | 2024-ж | +,- | 2023-ж | 2024-ж | +,- | 2023-ж | 2024-ж | +,- | 2023-ж | 2024-ж | +,- | |
Жумгал | 3034 | 3045 | 11 | 13592 | 13606 | 14 | 3105 | 3112 | 7 | 4559 | 4156 | -403 |
Куйручук-Кызарт | 6369 | 6372 | 3 | 33133 | 33145 | 12 | 5788 | 5809 | 21 | 11343 | 11430 | 87 |
Түгөл-Сай | 4156 | 4158 | 2 | 19337 | 19083 | -214 | 2497 | 2368 | -129 | 5248 | 5456 | 208 |
Байзак | 5598 | 5638 | 40 | 39569 | 39092 | -477 | 4882 | 4902 | 20 | 7643 | 7662 | 19 |
Чаек | 8332 | 8640 | 308 | 53047 | 53210 | 163 | 5331 | 5416 | 85 | 14317 | 14779 | 462 |
Мин-Куш | 3534 | 3694 | 160 | 27249 | 24546 | -2703 | 2025 | 2140 | 115 | 2222 | 1911 | -311 |
Коллектив | 77 | 55 | -22 | 236 | 185 | -51 | 136 | 118 | -18 | – | – | – |
Район: | 31100 | 31602 | 502 | 186163 | 182867 | -3296 | 23764 | 23865 | 101 | 45332 | 45394 | 62 |
Айыл чарбасын жакшыртуу багытында “Сүт секторун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу” долбоорунун алкагында сүт багытындагы асыл тукум уйларды сатып алууга 100 фермерге 130 миң сомдон жалпы 13 000,0 миң сом каражат берилди.
Жумгал району боюнча 2023-жылга карата баардык айыл өкмөттөрдүн эпизоотиялык пландары мал санактын жыйынтыгы боюнча түзүлүп, айыл ɵкмɵт башчылары менен биргеликте макулдашылып бекитилген.
Район боюнча 36 жеке ветеринардык адистер, ветеринардык палатадан каттоодон ɵтүп, келишимдин негизинде иш алып барууда.
Мамлекет тарабынан берилген вакциналар толугу менен ар бир айылга келишимдин негизинде иштеп жаткан жеке ветеринардык адистерге таратылып берилди.
Жүргүзүлүп жаткан эмдɵɵ иштери, Жумгал РВБнын инспекторлору тарабынан убагында кɵзɵмɵлдɵнүп турат.
Идентификация: Ири мүйүздүү малдан идентификация боюнча, 12 айдын ичинде 16813 баш ИММ идентификциялоодон ɵткɵрүлдү, азыркы учурда базадагы тир (активдүү) малдын саны 35 395 баш.
Нарын облусунда Идентификациядан өткөн ИММ боюнча маалымат 01.01.2024-ж. | |||||
Айыл аймактардын аталышы | Бөлүнгөн биркалардын саны | План 2023-жылга | Идентиф.өткөн мал (базага кир-н малдардын саны) 01.01.2023-ж.баштап | % | |
1 | Жумгал | 10350 | 3034 | 1764 | 58 |
2 | Кызарт-Куйручук | 23700 | 6369 | 3798 | 59 |
3 | Түгөл-Сай | 13250 | 4156 | 2465 | 59,3 |
4 | Байзак | 21450 | 5598 | 3348 | 59,8 |
5 | Чаек | 27500 | 8409 | 4228 | 50,2 |
6 | Мин-Куш | 10050 | 3534 | 1210 | 34,2 |
Район боюнча: | 106300 | 31100 | 16813 | 54,06 |
Жылкылардын идентификациясы боюнча, жалпы 25 867 баш жылкыга чип басылып базага киргизилди. Азыркы учурда базадагы тирүү (активдүү) малдын саны 19 917 баш.
Идентификацияны жүргүзүү максатында Байзак айылында 3 раскол, Чон-Дөбө айылында 1 раскол, Кок-Ой айылында 1 раскол, Куйручук айылында 1 раскол, Кызарт айылында 1 раскол, Чаек айылында 1 раскол, Кабак айылында 1 раскол, Мин-Куш айылында 1 раскол курулуп, жалпы район боюнча 10 раскол ишке берилди.
№ | Айыл аймактардын аталышы | 2023-жылга
план
|
Бөлүнгөн чип | Иден-дан өткөн базага кирген мал | % |
1 | Жумгал | 3105 | 3860 | 3792 | 122,0 |
2 | Кызарт-Куйручук | 5788 | 6520 | 6572 | 113,5 |
3 | Түгөл-Сай | 2497 | 3080 | 3098 | 124,0 |
4 | Байзак | 4882 | 5220 | 5097 | 104,4 |
5 | Чаек | 5467 | 5280 | 5285 | 96,67 |
6 | Мин-Куш | 2025 | 2040 | 2023 | 99,0 |
Район боюнча: | 23764 | 26000 | 25867 | 108,8 |
Ири мүйүздүү малдан бруцеллезго серологиялык текшерүүгɵ планда 10 500 каралса, 10 700 баш текшерүүдɵн ɵтүп, 5 баш уйунан бруцеллез ыланы аныкталды. Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнөн 2 баш, Кабак айылынан 2 баш, Байзак айылынан 1 баш уйдан бруцеллез ылаңы аныкталып, ветеринардык-санитардык талапка ылайык союлуп жок кылынды.
Өндүргүч букалардан бруцеллез ылаңына карата серологиялык текшерүүгɵ планда 500 баш өндүргүч бука каралса, анын 495 башы текшерүүдөн өттү.
Ири мүйүздүү малдан шарп ыланына каршы эмдɵɵ үчүн планда 60 000 баш каралса, жыйынтыгында 57 500 баш эмделип 96% түздү. Күзгү эмдөөгө карата шарп ыланына каршы 27800доза вакцина келип, айыл аймактарга жетиштүү денгээлде таратылып берилди. Азыркы учурда, эмдөө иштери аяктады.
Ири мүйүздүү малдан, кара-сан ыланына каршы эмдɵɵ үчүн планда 20 000 баш каралса, жыйынтыгында 19 933 баш эмделип, 100% түздү.
553 баш жылкыдан кан алынып, бруцеллез, трипаносомоз жана сап ыландарына аллергиялык изилдɵɵ жүргүзүлүп, жыйынтыгы терс чыкты. Планда 500 баш каралган, 111,0 % аткарылды.
8445 баш ит-мышык, эхинококкоз жана альвеококкоз ыландарына каршы дарыланды. Планда 16000 каралган, иш план 53% аткарылды.
Планда 4000 баш ит-мышыкты кутурмага каршы эмдɵɵ каралган, жыйынтыгында 3612 баш ит-мышык кутурма ылаңына каршы эмделип, план 90% аткарылды.
123 463 баш кой-эчки кыргын ыланына каршы эмделди.
Кой-эчкилердин күл ыланына каршы 138 881 баш эмделди, план толук аткарылды.
Район боюнча кой эчкилерди котур ыланына каршы эмдөө иштери жүрүүдө, бүгүнкү күнгө 95,0 миң баш эмдөөдөн өткөрүлдү.
Зыяндуу жырткыч жаныбарлардын санын жөнгө салуу боюнча 2023-жылдын 12 айына карата жеке мергенчилер тарабынан 969 баш ит, 118 баш мышык, 34 карышкыр, 52 баш чөө атылып, жок кылынды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Айыл чарба министрлигинин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө регламентине ылайык, Жумгал районунун аймагындагы мал базарларда мал урдоонун алдын алуу жана айыл чарба жаныбарларынан алынган азыктардын жана чийки заттардын, сырьелордун (тери жүн тыбыт.ж.б.) кыймылын көзөмөлгө алуу боюнча райондук ички иштер бөлүмү менен биргелешкен милдеттерди натыйжалуу чечүү жана өз ара аркеттенүү максатында 2022-жылдын 26-октябрындагы макулдашуу боюнча биргелешкен иш планга ылайык иштер аткарылууда. Райондо азыркы учурда эпизоотиялык абал туруктуу.
Суу чарбасы боюнча маалымат
Жумгал району боюнча 18459 га суу баскан аянт бар, анын 13047 га суу баскан аянты айыл өкмөттөрү тарабынан тейленет, калган 5406 га жер аянтын райондук суу чарба башкармасы сугат суу менен камсыз кылат. Ошондой эле, райондо 758,7 чакырым канал бар, мунун ичинен Жумгал районунун суу чарба башкармасына 172,7 чакырым тиешелүү. Район аймагында тѳмѳндѳгүдѳй 4 насостук станция бар, алар: Чаек-1 жана Чаек-2 насостук станциясы Чаек айыл ѳкмѳтүнө тиешелүү 546гектар жерин тейлейт. Кара-Кече насостук станциясы Байзак жана Баш-Кууганды айылдарына тиешелүү 961 гектар жерин тейлейт. Кѳк-Ой айылында жайгашкан Боз-Тектир насостук станциясынын астындагы 180 га жер бар. Райондун аймагында 5 чон кѳлѳмдүү жана 11 кичинекей БСР бар. Баш-Кууганды, Кара-Дѳбѳ, Чолок–Терек БСРлери Жумгал РСЧБнын, калган 13 даана БСРлер айыл ѳкмѳттѳрүнүн балансында турат.
2023-жылга район боюнча өзөндөн чыккан суу план боюнча 135,5млн.м3, факт түрүндө 137,7млн.м3, сугатка суу берүү план 104,3млн.м3, факт түрүндө 90,8 млн.м3, мунун ичинен келишим боюнча план 57,0млн.м3, факт түрүндө 52,05млн.м3. Баардык сугарылган аянт план боюнча 52 800 га, факт түрүндө 42 569 ганы түздү. Мунун ичинен жазгы ным топтоо план боюнча 4500 га, факт түрүндө 4502 га, көп жылдык 910 га, айдоо алдында 3592га, ал эми күзгү ным топтоо план 3 402га болсо, факт 1600 га. Учурда, күзгү ным топтоо иштери жүрүүдѳ.
2023-жылга карата республикалык бюджеттен капиталдык ремонтко 21981,7миң сом каралган, бүгүнкү күндѳ республикалык бюджеттен Жумгал РСЧБнын бет эсебине 21981,7 мин сом түшкѳн бул каражатка курулуш материалдары цемент, арматура, күйүүчү майлоочу майлар, автотранспорт жана механизмдерге запастык бөлүкчөлөр, насостук станцияларга агрегат ж.б алынды.
2023-жылдын иш планы боюнча каналдарды ондоо 8,9 чакырым, каналды бетондоо 0,3 чакырым, механикалык тазалоо 25,7чакырым, суу курулмаларды ондоо 19 даана, суу ченөөчү тосмолорду ондоо 8 даана, насостук станциянын агрегат алмаштыруу 1 даана, механизм жана автоунааларды ондоо 10 даана.
Факт боюнча каналдарды оңдоо 11 чакырым, механикалык тазалоо 26,5 чакырым, суу курулмаларды оңдоо 28 даана, суу ченөөчү тосмолорду оңдоо 9 даана, насостук станциянын агрегат алмаштыруу 2 даана, механизм жана автоунааларды оңдоо 8 даана оңдолду.
Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдагы туруктуу өнүгүү стратегиясына кирген Жумгал районундагы Түгөл-Сай өзөнүнө БСРын куруу курулуш иштери башталып, учурда БСР механикалык тазаланып, 7,5 км каналды тейлей турган жолу салынып, 8,4 км электр чубалгылары тартылып, магистралдык каналдын 3 км аралыгында жер жумуштары аяктап, бетондоо иштери жүрүп жатат. Ички чарбалык каналдын 220 даана лоток ЛР-40 заводтон чыгарылып алынып келинип, орнотуу алдында турат. Долбоордун алкагында каналдын алдында 4708 га сугат аянтынын 3208 га жерге сугат суусун берүү жакшыртылат, суу сактагычтын көлөмү 3,2 млн.м3 түзүп, 1500 га жаңы жер өздөштүрүлөт.
Таштанды жайгаштыруу жайлар: Район боюнча 6 айыл өкмөтүнө караштуу жалпы 15 участокто таштанды таштоочу полигондор уюштурулган.
Жер тилкелеринин иш кагаздары 3 (Миң-Куш-2,Жаңы-Арык-1) участокторунда бүткөрүлүп, Баш-Кууганды айылындагы таштанды таштоочу жайдан жери райондук комиссия тарабынан жердин багытын өзгөртүүгө сунушталып, учурда тиешелүү мамлекеттик актылары алынууда, ал эми Байзак айылында жайгашкан таштанды таштоочу жайдын жеринин тиешелүү уруксаат кагаздары топтолуп, жердин багытын өзгөртүү боюнча райондук комиссияга сунушталууда, ал эми калган 10 участокто тиешелүү иш кагаздары бүткөрүлө элек.
Мамлекеттик бюджет
Район боюнча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 2023-жылдын 12 айына карата берилген план-тапшырма мамлекеттик бюджет план 356 716,2 миң сом болсо, факт аткарылганы 371 538,6 миң сомду түзүп, 14822,4 мин сомго же 104,2% аткарылды. Өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 76 073,3 мин сомго же 125,75 %га, көп аткарылды.
Мунун ичинен, республикалык бюджет план 234 933,6 миң сом, факт 234 944,5 миң сом же 100% га аткарылган, өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 132,99 % га, же 58 277,4 миң сомго көп аткарылды.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү план121 782,6миң сом, факт 136 594,2 миң сомду түзүп, 14 811,6 мин сомго көп же 114,98 % га аткарылган.
миң сом
район | Мамлекеттик бюджет | Республикалык бюджет | Жергиликтүү бюджет | ||||||
план | факт | % | план | факт | % | план | факт | % | |
Жумгал | 356716,2 | 371 538,6 | 104,2 | 234 933,6 | 234 944,5 | 100 | 121 782,6 | 136 594,2 | 114,98 |
Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2022-2023-жылдардын
12 айына карата салыштырмалуу анализ
Район боюнча Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү 2023-жылдын 12 айына план тапшырма 389 895,7 миң сом болсо, аткарылганы факт 393 835,6 миң сомду түзүп, 3939,9 мин сомго көп же 101,01 пайызга аткарылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 86 526,6 миң сомго көп аткарылды.
2022-жылдын
12 айына карата |
2023-жылдын
12 айына карата |
% |
Айрымасы (+,-) миң сом |
Өсүү темпи | |||
План (миң сом) | Факт
(миң сом) |
План
(миң сом) |
Факт
(миң сом) |
% | Фактыдан фактыга
(+,-) (миң сом) |
||
269 051,1 | 307 309,0 | 389 895,7 | 393 835,6 | 101,01 | 3939,9 | 128,1 | 86 526,6 |
Каржы бөлүмү боюнча
Жергиликтүү бюджеттен түшкөн киреше 2023-жылдын 12 айына 172806,0 миң сомду түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине карата 31462,0 мин сомго көп аткарылды. Ал эми, тендештирилген грант 86905,0миң сомду түзүп, 43767,0миң сомго көп, республикадан келген кошумча каражат 78543,5миң сомду түзүп, 35 071,7 миң сомго көп каржыланды, ал эми дотация 2022-жылдын 12 айына 38% түзсө, 2023-жылдын 12 айына 48,9% түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,9% көбөйдү.
Айыл өкмөттөрү | Киреше | Теңдештирүүчү грант | Республикадан келген кошумча каражат | Дотация | ||||||||||
2022-ж
12 ай |
2023-ж 12 ай | айырма | 2022-ж
12 ай |
2023-ж
12 ай |
Айырма | 2022-ж
12 ай |
2023-ж
12 ай |
Айыр ма | 2022-ж
12 ай |
2023-ж
12 ай |
айырма | |||
Жумгал | 6581,9 | 7919,3 | 1337,4 | 7958,0 | 16803,0 | 8845 | 7129,9 | 12315,1 | 5185,2 | 69,6 | 78,6 | 9,0 | ||
Кызарт | 11765,2 | 14600,3 | 2835,1 | 7557,0 | 15556,0 | 7999,0 | 7264,3 | 13309,6 | 6045,3 | 55,7 | 66,4 | 10,7 | ||
Түгөл-Сай | 6052,3 | 8206,9 | 2154,6 | 6649,0 | 13363,0 | 6714,0 | 6820,1 | 11629,5 | 4809,4 | 69,0 | 75,3 | 6,3 | ||
Байзак | 45323,1 | 53156,9 | 7833,8 | 4973,0 | 8794,0 | 3821,0 | 6061,2 | 12562,2 | 6501,0 | 19,6 | 28,7 | 9,1 | ||
Чаек | 48429,0 | 57708,3 | 9279,3 | 5948,0 | 14034,0 | 8086,0 | 10339,2 | 16286,3 | 5947,1 | 25,2 | 34,4 | 9,3 | ||
Мин-Куш | 23192,5 | 32214,3 | 8021,8 | 10053,0 | 18355,0 | 8302,0 | 5857,1 | 12440,8 | 6583,7 | 40,7 | 49,7 | 9,0 | ||
Район боюнча | 141344,0 | 172806,0 | 31462,0 | 43138,0 | 86905,0 | 43767,0 | 43471,8 | 78543,5 | 35071,7 | 38,0 | 48,9 | 10,9 | ||
Жумгал районунун айыл өкмөттөрү боюнча 2024-жылдын 1-январына карата кирешеден, чыгашадан ашкан бөлүгү боюнча маалымат (бюджеттик каражаттар )
№ | Айыл өкмөттөр | 01.01.2024-ж карата үнөмдөлгөн сумма
(миң сом) |
1 | Жумгал айыл өкмөтү | 2171,9 |
2 | Кызарт айыл өкмөтү | 3776,7 |
3 | Түгөл-сай айыл өкмөтү | 3618,0 |
4 | Байзак айыл өкмөтү | 27159,0 |
5 | Чаек айыл өкмөтү | 15898,3 |
6 | Мин-Куш айыл өкмөтү | 20235,2 |
Баардыгы: | 72859,1 |
Инвестиция, капиталдык салымдар жана капиталдык курулуштар
Инвестиция тартуу багытында, район боюнча долбоорлорду жана жергиликтүү жамааттардын демилгелерин ишке ашырууга 578 994,4 миң сомдук жумуштар жасалды. Мунун ичинен:
– республикалык бюджеттен жалпы -253977,0 миң сом, мунун ичинен (капиталдык салымдардан 178 432,6 миң сом, үлүштүк грант 14083,0мин сом, республикалык бюджет-61462,0мин сом)
– жергиликтүү бюджеттен 32 524,63 миң сом,
тартылган инвестициянын көлөмү-259473,03мин сом, мунун ичинен түз инвестиция-138 721,56 мин сом |
– эл аралык уюмдардан 97 183,4 миң сом ,
– ишкерлер, демөөрчүлөр
тарабынан 162 289,0 миң сом,
-облусту, районду өнүктүрүү фонддорунан 33 020,4 миң сом.
Капиталдык салымдар жана капиталдык курулуштар
Жалпы курулуш тармагы боюнча таблицада көрсөтүлгөн курулуштар башталгандан бери 538,096 млн сомдук иштер жазалып, 2023-жылдын январь-декабрь айларында жалпы курулуштарга 260,210 млн сом каржыланып, Баш-Кууганды айылындагы Ш.Садыбакасов жана Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акиев атындагы орто мектептер бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди, ал эми калган курулуш обьектилеринде курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Мекеменин өздүк каражаттары менен архив имаратынын курулушу 17,3млн сом өздөштүрүлдү, учурда курулуш иштери толук бүткөрүлүп, ишке берилди. Чаек айылындагы күрөш залы Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана райондук өнүктүрүү фондунан каржыланып, 21,870млн сом өздөштүрүлүп, курулуш иштери толук бүткөрүлүп, 2023-жылдын май айында ишке берилди.
№ | Райондор | Тендердик
суммасы млн.сом |
Инф.эске алуу менен суммасы
|
Курулуш башталган баштап каржыланган каражаттын көлөмү (млн сом) | 2023-жылдын
январь-декабрь млн сом |
1 | Баш-Кууганды айыл өкмөтү Ш.Садыбакасов (2-3 корпус, спортзал) курулушу | 62,091 | 73,863 | 73,863 | 23, 582
Пайдаланууга берилди |
Баш-Кууганды айыл өкмөтү Ш.Садыбакасов а.о.м. кошумча корпус куруу | 12,975 | 12,975 | 8,5 | 8,5 | |
2 | 225 орундуу Таш-Дөбө а.о.м курулушу | 60,246 | 74,756 | 60,246 | 17,290 |
3 | Кызыл-Жылдыз К.Акиев о.м курулушу | 60,819 | 81,062 | 81,062 | 40,150
Пайдаланууга берилди |
4 | Ч.Дүйшеева атындагы муз.мектебинин курулушу | 39,695 | 53,037 | 35,572 | 10,0 |
5 | Жумгал айыл өкмөтү 75 орундуу бала бакчанын курулушу | 27,716 | 36,783 | 27,715 | 10,0 |
6 | Кабак айыл өкмөтү, Орозалиев мектебинин курулушу | 60,113 | 78,767 | 72,308 | 31,767 |
7 | Райондук архивдин курулушу | 11,714 | 17,3 | 17,3 | 2,740
Пайдаланууга берилди |
8 | Түгөл-Сай айылындагы спорт залдын курулушу | 23,604 | 33,124 | 30,219 | 10,0 |
9 | Чаек айылына күрөш залын куруу | 21,87 | 21,87 | 21,84 | 4,173
2023-жылдын май айында ишке берилди |
10 | Чаек айыл өкмөтү Т.Турсунбаева о.м кап ремонту | 82,0 | 82,0 | 64,547 | 64,547 |
11 | Т.Турсунбаева атындагы “Сон-Көл” кинотеатрынын капиталдык ремонту | 9,179 | 9,179 | 9,179 | 1,716
2023-жылы май айында ишке берилди. |
12 | Түгөл-Сай айылындагы Урууке балдар бакчасынын капиталдык ремонту | 13,576 | 13,576 | 2,0 | 2,0 |
13 | Жумгал айылындагы А.Омуралиев атындагы №26 профлицейдин Мин-Куш айылындагы филиалынын капиталдык ондоп түзөө | 6,861 | 6,861 | 2,501 | 2,501 |
14 | Мин-Куш айыл аймагындагы жалпы дарыгерлер практика борборунун имаратынын капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүү | 34,951 | 34,951 | 22,500 | 22,500 |
15 | Байзак айыл аймагына 120 орундуу бала бакчанын курулушу | 94,937 | 94,937 | 7,745 | 7,745 |
14 | Куйручук айылындагы А.Сулайманов а.о.м. капиталдык ремонту | 12,0 | 28,806 | 0,999 | 0,999 |
Район боюнча | 634,347 | 753,847 | 538,096 | 260,210 |
2023-жылдын 12 айына карата Чаек айылында 1 пластик эшик терезелерди жасоочу цех, 2 жумушчу орун, Түгөл-Сай айылында 1 пескоблок чыгаруучу цех, 2 жумушчу орун, Куйручук айылында 1 автоунаа жуучу жай, 2 жумушчу орун, 2023-жылдын июль айында Чаек айыл аймагынын аймагында темир бетон чыгаруучу заводдун куруу иштери 200 мин АКШ долларына «Жумгалсуукурулуш» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп 34 жумушчу орун, Мин-Куш айыл аймагында «Үнкүр-Сай» эс алуучу жайы ачылып 3 жумушчу орун, токтоп турган көмур өндурүүчү Айрат Инвест ЖЧКсынын лицензиясын Минерал Прайм ЖЧКсы алып 27 жумушчу орун, «Кыргыз Көмүр» МИ Мин-Куш филиалы менен биргеликте ачылган «Шанси Коал Инвестмент» көмүр казуучу ишканасында 97 жумушчу орун, жалпы район боюнча 2023-жылга карата 167 жумушчу орун түзүлдү.
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосу тарабынан “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоору аркылуу Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясын капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Долбоордун жалпы наркы 81 980,7миң сомду түзөт. Учурда, “Шер Курулуш” ЖЧКсы тарабынан 64 547,0 миң сомдук курулуш иштери аткарылды. 2024-жылдын апрель айында капиталдык оңдоп түзөө иштеринин аяктоосу пландалууда.
АРИСтин “Айылды Инвестициялоо 3” долбоорунун (ПСИ 3) 3 циклына кирген ири долбоорлор Чаек айылындагы Шабданбек уулу Алтынбек бала бакчаны оңдоп түзөөдөн өткөрүү долбоорунун жалпы наркы 8 087,846 миң сом (келишим түзүлдү, “Нюська” ЖЧКсы курулуш иштерин жүргүзүүдө), Түгөл-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Эпкин айылындагы ФАПты ондоп түзөөдөн өткөрүү долбоорунун жалпы наркы 2 752,417 миң сом (келишим түзүлүп, “Бай-Эл ЖЧК”сы курулуш иштерин жүргүзүп, курулуш иштери аяктап пайдаланууга берилди.), Жаңы-Арык айылына ҮДТ куруу долбоорунун жалпы наркы 7 014,12 миң сом (келишим түзүлдү, “Бай-Эл ЖЧК”сы курулуш иштерин жүргүзүлүп, учурда пайдубалы куюлуп, имараттын дубалы көтөрүлүп, чатырланды). Ал эми, Кызыл-Жылдыз айылына айыл чарба техникасын сатып алуу 3001,18 миң сом (“Тим Агро Трейд”ЖЧКсы менен келишим түзүлүп, техника алынып келинди) жана жүн иштеткен цехке жабдуу алуу долбоорунун жалпы наркы 297,0 миң сом (ЖИ “Д.Самудинов” менен келишим түзүлүп, жеткирилип берилди), Таш-Дөбө айылына айыл чарба техникасын сатып алуу долбоорунун жалпы наркы 2 571,0 миң сом, тендер өтүп, келишим түзүлүп, техникасы алынып келинди.
Ал эми, долбоордун 2-этабы менен калган айыл аймактарынын долбоорлорун тендерге жарыялоо үчүн иш кагаздары даярдалууда.
Жумгал районунун айыл өкмөттөрү тарабынан 2023-жылга карата түрткү берүүчү грантка өткөн долбоорлор боюнча
Жумгал районунун айыл өкмөттөрү тарабынан 2023-жылга карата түрткү берүүчү грантка 6 айыл өкмөтүнүн долбоору өткөн (мунун ичинен Куйручук айылы долбоордон баш тартты, себеби сунушталган долбоор капиталдык салымдар беренесинен каржыланды) атап айтсак:
– Жумгал айыл өкмөтүнө караштуу Чон-Дөбө айылындагы “Тыналы” атындагы орто мектептин В корпусун ондоп түзөөдөн өткөрүү, долбоордун жалпы наркы 3445,667 миң сом, өздүк салым 516,85 миң сом, республикалык бюджеттен суралуучу сумма 2895,4 миң сом. “Нюська” курулуш фирмасы утуп, ондоп түзөө иштеринин 95,8 пайызы бүткөрүлдү, тактап айтканда 3267,4 мин сомдук иштер аткарылды.
-Кызарт айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылындагы “Тан Нуру” атындагы бала бакчанын имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү, долбоордун жалпы наркы 3483,9 миң сом, өздүк салым 531,5 миң сом, республикалык бюджеттен суралуучу сумма 2952,4миң сом. “Нюська” курулуш фирмасы утуп, ондоп түзөө иштеринин 95,8 пайызы бүткөрүлдү, тактап айтканда 3336,2 мин сомдук иштер аткарылды.
-Байзак айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Кууганды айылындагы борборлоштурулган от казанынын имаратын оңдоодон өткөрүү, долбоордун жалпы наркы 3476,5 миң сом, өздүк салым 517,721миң сом, республикалык бюджеттен суралуучу сумма 2958,8 миң сом. “Сагындык Курулуш” курулуш фирмасы утуучу болуп, ондоп түзөө иштеринин 95,7 пайызы бүткөрүлдү, тактап айтканда 3328,6 мин сомдук иштер аткарылды.
-Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Ой айылына кичи футболдук аянтчасын куруу, долбоордун жалпы наркы 3475,6 миң сом, өздүк салым 595,2 миң сом, республикалык бюджеттен суралуучу сумма 2880,4 миң сом. “Раим” курулуш фирмасы утуучу болуп, курулуш иштеринин 100 пайызы бүткөрүлдү, тактап айтканда 3475,6 мин сомдук иштер аткарылды.
-Миң-Куш айыл өкмөтүнө караштуу “Мир” атындагы маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү, долбоордун жалпы наркы 5 651,3 миң сом, өздүк салым 2665,9миң сом, республикалык бюджеттен суралуучу сумма 2985,3 миң сом. Сатып алууларды жүргүзүү парталына конкурска жарыяланып, “Сагындык Курулуш” курулуш фирмасы утуучу болуп, ондоп түзөө иштеринин 97,4 пайызы бүткөрүлдү, тактап айтканда 5502,1 мин сомдук иштер аткарылды.
Район боюнча үлүштүк гранттын эсебинен ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча жергиликтүү бюджеттен (өздүк салым) 4827,3 миң сом, ал эми республикалык бюджеттен 14672,3 миң сом, жалпы 19499,6 мин сомду түздү.
Жумгал районун өнүктүрүү фондусунун аткарган иштери боюнча
Жумгал районун өнүктүрүү фондусу тарабынан 2023-жылга карата 13 долбоор жактырылып, бирок азыркы учурда 2021-жылы, 2022-жылы жактырылган долбоорлорду аягына чыгаруу максатында, 2023-жылдын 12 айына карата жалпысынан 28 335,3 миң сом каржыланган. 2023-жылы жактырылган долбоорлордун ичинен Кызыл-Жылдыз айылындагы “Чолок-Терек” БСРин тазалоого 1500,0 мин сом, райондук салык кызматынын айланасын оңдоп түзөө долбоорлоруна 1250,1 миң сом, Жумгал ветеринардык башкармалыгына атайын дезинфекциялоочу унаа алып берүүгө 2950,0мин сом, Кызарт айылындагы маданият үйунун чатырын алмаштырууга 2005,9мин сом жалпы 7706,0мин сом каржыланды. Ал эми, мурунку жылдары жактырылып, аягына чыга элек долбоорлор (Чаек айылындагы күрөш залынын курулушу, Т.Турсунбаева атындагы Соң-Көл кинотеатры) каржыланып, 2023-жылдын май айында пайдаланууга берилди.
Таза суу
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу АРИС тарабынан таза суу системасын реабилитациялоо боюнча Чаек (Узун Булак, Чукур, Ак-Татыр, Базаркандын коктусу, Беш-Терек айылынын Бай-Дөбөт участкасынан суу алуу үчүн кайрадан документтер даярдалды) “Энкон” ЖЧКна тапшырылган. Чаек, Беш-Терек айылдарында коомдук угуулар өткөрүлүп, Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин төрагасы жана Беш-Терек айылынын депутаты АРИС менен алкактык келишимге кол коюлган. Сметалык-долбоорлук документациялары иштелип чыгып, АРИС тарабынан 2023-жылдын тендер жарыяланган, тендер болуп өттү. Учурда, Чаек, Беш-Терек, Арал, Кичи Арал, Лама айылдарынын подряддык уюмдук документтери каралып жатат. Ал эми, калган айылдардын таза суу боюнча тендери этап-этап менен жүргүзүлөт.
Ошондой эле, Жумгал айылына караштуу Лама айылынын толук саркынды суулар кетүүчү системасы жана саркынды суулар чогултулуучу жана тазалоочу жайы, Чаек айылында жайгашкан 12 эки кабаттуу үйлөрдүн 8 участкасына саркынды суулар чогултулуучу жана тазалоочу жайы пилоттук долбоор катары киргизилип, учурда долбоордук сметалык документтери (ПСД) даярдалууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 26-декабрындагы №713 Токтомуна ылайык
салыктык эмес кирешелердин чогултулушу боюнча
№ | Айыл аймактын аталышы
|
Таза суу | Таштанды | Сугат суу | Жайыт
|
План (мин сом) | Факт (мин
сом) |
% | ||||||||||
План (мин сом) | Факт (мин сом) | % | План (мин сом) | Факт (мин сом) | % | План (мин сом) | Факт (мин сом) | % | План (мин сом) | Факт (мин сом) | % | |||||||
1 | Жумгал | 344,5 | 344,5 | 100,0 | 348,6 | 346,8 | 99,5 | 280,4 | 283,3 | 101 | 885,6 | 898,2 | 101,4 | 1859,1 | 1872,8 | 100,7 | ||
2 | Кызарт | 312,0 | 371,8 | 119,2 | 717,4 | 740,5 | 103,2 | 1112,3 | 1000,3 | 89,9 | 1878,3 | 1926,0 | 102,5 | 4020,0 | 4038,6 | 100,5 | ||
3 | Түгөл-Сай | 527,1 | 544,2 | 103,2 | 304,9 | 304,2 | 99,8 | 718,8 | 703,0 | 97,8 | 1052,4 | 1053,0 | 100,1 | 2603,2 | 2604,4 | 100,0 | ||
4 | Байзак | 823,3 | 1004,0 | 121,9 | 513,6 | 513,6 | 100,0 | 1098,4 | 1098,1 | 100,0 | 1839,3 | 1980,1 | 107,7 | 4274,6 | 4595,8 | 107,5 | ||
5 | Чаек | 1379,0 | 2250,3 | 163,2 | 839,4 | 839,7 | 100,0 | 1024,7 | 1204,8 | 117,6 | 2252,6 | 1443,5 | 64,1 | 5495,7 | 5738,3 | 104,4 | ||
6 | Мин-Куш | 606,0 | 681,1 | 112,4 | 408,2 | 546,5 | 133,0 | 1126,8 | 1168,9 | 103,7 | 2141,0 | 2396,5 | 111,9 | |||||
Район боюнча | 3991,9 | 5195,9 | 130,2 | 3132,1 | 3291,3 | 105,1 | 4234,6 | 4289,5 | 101,3 | 9035,0 | 8469,7 | 93,7 | 20393,6 | 21246,4 | 104,2 | |||
Энергетика тармагы
Жумгал РЭТИнын 2023-жылдын 12-айына аткарылган иштери боюнча маалыматы. Жумгал Электр Тармактары үч электр тармактар барчасынан турат:
1.Доолот Арык барчасы
2.Чаек барчасы
- 3. Мин Куш барчасы
Жалпы 61 адам эмгектенет
Жумгал райондук электр тармактар ишканасынын 2023-жылдын 12-айына капиталдык оңдоо 4999,22 миң сомго пландалып 4347,785 миң сомго аткарылган, же болбосо 86,97 % түздү. Капиталдык ондоо иштеринен 100 % аткарылбагандыгынын себеби тендерге жарыяланып, керектелүүчү материал кеч келгендиктен, жумуш өз убагында жазалбай калган.
Учурдагы оңдоо иштерине 3373,13 миң сом пландалып, 4008,484 миң сомго иштер аткарылды, же болбосо 118,84 % түздү. Жалпы көрсөткүч 100 % түздү.
2023-жылдын 12 айында бөлүштүрүү тармагынын электр тарамдарында жалпы электр энергияга план 63 млн 963миң кВт саат (лимит) берилип,63 млн 116 миң кВтсаат (2022-жылдын 12 айына 61млн 286 миң кВт.с) пайдаланылган. 2023-жылдын 12айына бөлүнгөн лимиттен 847миң.кВт саат аз пайдаланылган.
2023-жылдын 12 айына кабыл алынган электр энергиянын ичинен жалпы коромдор 11 млн 102 миң кВт саат, 17,59 %, (2022-жылдын 12 айына 10 млн 790 миң кВтсаат 17,61%) ды түзгөн.
Мунун ичинен, техникалык коромдор 9 млн 889,1 миң кВт саат, же 15,6%, (2022-жылы 9 млн 718,3 миң кВт саат же 19.9%), коммерциялык коромдор 1 млн 113,6 миң кВт саат, же 1,8%, (2022-жылы 1 млн 069,4 миң кВт саат же 1,7% түзгөн.
2023-жылдын 12 айында накта пайдаланылган 51 млн 536,7миң кВт саат электр энергиясы (100 %) 68 млн 369,9 миң сомго сатылган. Сатылган товардык продукциядан 67 млн 722,1 миң сом (99,1%) жыйналган (2022-жылдын 12 ай 62млн 294,7 миң сом, же 104,9 %түзгөн). Ал эми, элден 29 млн 623,8 миң сом, же 92,3 % жыйналган (2022-жылдын 12 айында 25 млн 791,6 миң сом же 94,9%).
Пайдаланган электр энергия үчүн жалпы элдин карызы 1-январь 2024-жылга карата –6 млн 335,4 миң сомду түздү,мекеме ишканалардыкы 25 млн 123,9 мин сом жалпы 31 млн 459,3 мин сом (2022-жылдын 12 айына элдики 4 млн 286 миң сом, мекеме ишканалардыкы 25 млн 331 мин сом, жалпы 30 млн 617 мин сом), же өткөн жылга салыштырмалуу жалпы 842,3 миң сомго көбөйгөн, ал эми элдики 2 млн 049,4 мин сомго көбөйгөн.
Жалпы кардардын саны -8534
жеке кардар -8001
мекеме ишканалар -533
КТП 10/0,4 кВ -321 даана
6/10 кВ аба чубалгы -411,2 км
0,4 кВ аба чубалгы -237 км
Кен-Суу айылына электр энергиясын тартуу долбоору “Тенир-Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан материалдык каражаттары, ал эми Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан электр энергиясын тартуу иштери каралып, долбоордун жалпы сметалык наркы 17078,0мин сомду түзгөн. Мин-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан электр зым тиректерди алып келүү үчүн “Дэкс Строй” жана “Эко Групп” ЖЧКлары менен түз келишимдер түзүлүп, Тенир Тоо өнүктүрүү фонду тарабынан 5985,1 мин сом каржыланды. Ошондой эле, Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан 2021-жылы 1928,5мин сомго айылдын ичине зым тиректер жана зым чубалгылары алынган.
Учурда 14,2 чакырым аралыкка электр линиясы тартылып, 10 кваттык аба чубалгысынан 11,2 чакырымга, ал эми 0,4 кваттык аба чубалгысынан 3 чакырымга тартылып, жери катаал аймактарга 16 метрлик зым тиректеринен 9 даана орнотулуп, айылдын кире беришине чейин 253 зым тирек, ал эми айылдын ичине 130 даана зым тирек, жалпы 383 даана зым тирек орнотулуп, айылдын ичиндеги 22 үйдүн 18не счетчиктер коюлуп, калган 4 үйдүн ээлери жок болгондуктан, счетчиктери турак–жай ээлери келгенде орнотулары чечилип, айыл эли электр энергиясы толугу менен камсыз болду.
Мындан тышкары, Ак-Көл участкасына электр энергиясын жеткирүү 2022-2026-жылдарга карата түзүлгөн өнүгүү стратегиялык планына киргизилип, долбоордун жалпы наркы 10,5 млн сомду түзүп, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан Ак-Көл участогуна электр энергиясын тартуу долбоору ишке ашырылып, учурда айыл эли электр энергиясы менен толук камсыз болду.
Жалпы 8,367 чакырым аралыкка электр энергиясы тартылып, 10кваттык аба чубалгысы 7,4 чакырым аралыкка, ал эми 0,4кваттык аба чубалгысынан 0,967 чакырым аралыкка тартылып, жалпы 195 даана зым тиректери орнотулду. Ак-Көл участогундагы 14 үйдүн 12не счетчиктер коюлуп, 2 үйдүн ээлери жок болгондуктан, счетчиктери турак–жай ээлери келгенде коюулары чечилип, Ак-Көл участогунда жашаган тургундар электр энергиясы менен камсыз болду.
“Кыргызтелеком” ААК Нарын облустук филиалынын Жумгал райондук бөлүмүнүн 2023-жылдын 12 айына карата аткарылган иштери тууралуу маалымат.
- Кызарт айылынын ичинде Жумакожоев жана Б.Сартов көчөлөрүнүн тургундарына 1,5 чакырым оптика кабели тартылып, кошумча D-Link 24 порттуу станциясы коюлуп, элге сапаттуу интернет кызматы көрсөтүлө баштады, баардыгы болуп 32 даана интернет коюлду.
- Эпкин айылындагы тараза көзөмөл пунктуна 2,500 метр оптика кабели тартылып, азыркы учурда интернет кызматы көрсөтүлүп, иштеп жатат.
- Куйручук айылына караштуу Кырчын айылына “Интернет Коому” аркылуу каржыланып, интернет кызматы пайдаланууга берилди, 17 үйгө интернет орнотулду.
- Мин-Куш айыл аймагына караштуу Сары-Булуң айылына, Мин-Куш айыл өкмөтүнүн каржылоосунун негизинде 26 үйгө интернет коюлуп, пайдаланууга берилди.
- Байланыш линияларын ондоп түзөө, пландын негизинде 1,5чакырым линия кезектеги ондоп түзөөдөн өткөрүлдү.
- Жалпы интернет кызматынан пайдалануучулардын саны Оптика кабели боюнча 489 даана, ADSL боюнча 266 даана, бардыгы болуп 764 даанага жеткирилди.
- Азыркы учурда телефон пайдалануучулардын саны 242 даана.
- Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Чукур айылына интернет шкаф орнотулду.
- 2023-жылдын 12 айына карата 185 кардарга интернет байланышы коюлду.
Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн социалдык тармак боюнча 2023-жылдын 12 айынын жыйынтыгы жөнүндө маалыматы
Саламаттык сактоо тармагы:
Жумгал райондук жалпы дарыгердик практика борборунун карамагында 9 ҮДТ, 7 ФАП, стоматология, тез жардам, ДКБ, жугуштуу оорулар бөлүмү, хирургия бөлүмү, соматика бөлүмү, төрөт бөлүмү, реанимация бөлүмү, АДО, Кызарт жана Мин-Куш филиалдары кызмат көрсөтөт. Жалпы саламаттыкты сактоо тармагында 2022-жылы жалпы 32 дарыгер эмгектенсе 2023-жылы 35 дарыгер эмгектенип жатат.
Жаш дарыгерлерди тартуу боюнча иш аракеттер көрүлүп жатат. Ваучердик программа менен окуу боюнча 2 студент учурда билим алып жатышат. Алардын окуусунун төлөмүнө Чаек, Байзак айыл өкмөттөрүнөн 57000 сом акча каражаты которулуп берилди. Мындан тышкары «Жаш дарыгерлердин депозити» долбоору менен ооруканада 2 дарыгер эмгектенип келүүдө. Мындан тышкары 2023-жылдын башталышы менен 2 жаш дарыгер жана 1 ординатор тартылган. 2 жаңы тартылган дарыгерге Чаек айыл өкмөтү тарабынан 50 000 сомдон 100 000 сом акча каражаты чечилип берилди.
Материалдык-техникалык базаны чыңдоо: 2023-жылдын ичинде КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан УЗИ, портативдик гемодиализаппараты, анализаторлор, вирустук гепатиттин лабораториялык жабдуусу, 1 тез жардам автоунаасы берилген. Ушуну менен катар КР Жогорку Кеңешинин депупаты Э.Жамгырчиев тарабынан 1 тез жардам унаасы берилди. Эпкин айылындагы ФАПтын имараты Арис тарабынан 2 млн 752 миң 417 сомго капиталдык оңдоодон өттү.
Стационардык кызмат: Жалпы дарыгерлик практика борборунда стационардык жардам КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы №493 токтомунун негизинде мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлүп жатат. 2023-жылдын 12 айында 2518 оорулуу жатып, 2516 оорулуу дарыланып чыккан, 15 оорулуу каза болгон, ал эми 2022-жылы 2328 оорулуу жатып, дарыланып чыкканы 2294 каза болгону 26 же болбосо 190 оорулууга аз жатып, 222 оорулууга аз дарыланган, 11 ооруга аз өлгөн.
Демографиялык көрсөткүчтөр 2023-жылдын 12 айына салыштырмалуу
№ | Көрсөткүчтөр | 2022-ж 12 ай | 2023-ж 12 ай | |
1 | Жалпы төрөт | 518 | 583 | 65 балага көп төрөлгөн |
2 | Жалпы өлүм | 292 | 245 | 47 адамга азайган |
Төрөт боюнча: 2022-жыл 12 айына салыштырмалуу 2023-жылдын 12 айына төрөттүн саны 65 учурга көбөйгөн. ЖААК боюнча төрөттүн катталышы 2023-жылдын 12 айына 20 балага көп катталган. Энелер өлүмү катталган жок.
2022-ж 12 ай | 2023-ж 12 ай | |
Төрөт үйүндө төрөлгөнү | 520 | 586 |
м.н өлүү төрөлгөнү | 3 | 5 |
Эгиз төрөлгөнү | 2 | 3 |
ЖААК боюнча төрөттүн катталышы | 664 | 684 |
Балдар өлүмү боюнча:
Кенжелер өлүмү 2022-жылдын 12 айына салыштырмалуу 3,7 % кыскарган.
2022-ж 12 ай | 2023-ж 12 ай | |
0-14 ж.ч.н өлгөнү | 18 | 8 |
м.н 0-5 ж.ч.н | 14 | 8 |
м.н 1ж.ч.н | 9 | 7 |
Ооруканадан өлгөнү | 4 | 2 |
Үйдөн өлгөнү | 0 | 1 |
Төрөт үйүнөн өлгөнү | 5 | 4 |
Кенжелер өлүм көрсөткүчү | 17,4 | 12,0 |
13,6 | 9,9% |
Кургак учук боюнча:
2022-жылдын 12 айында кургак учук оорусу менен жаңы табылганы 22 учур болсо, 2023-жылдын 12 айында 23 учур катталып 1 учурга көбөйгөн.
Салыштырмалуу көрсөткүчтөр:
Жылы | Оорунун
жаңы табалганы |
Каттоодо тургандардын саны | Өлгөнү | БК(+)
(ачык түрү) |
Өтүшүп кеткен түрү |
2022-ж 12 айга | 22 | 50 | 3 | 8 | 1 |
2023-ж 12 айга | 23 | 55 | 1 | 9 | 2 |
Кургак учук оорусу менен ооруган жарандарга 2022-жылдын 12 айында 16150 сом төлөнүп берилсе, 2023-жылдын 12 айында 17800 сом акча каражаты төлөнүп берилген.
Район боюнча оорунун катталышы
№ | Көрсөткүчтөр | 2022 | 2023 |
1 | Баардык катталган оорунун саны
а.и биринчи жолу катталганы |
16767
10155 |
14936
8830 |
2 | 10 мин адамга көрсөткүч | 258,6 | 281,9 |
Таралышы (распростр-сть) | 1,6 | 1,4 |
Жалпы оорулардын биринчи жолу катталышы өсүш берген 1-орунда дем алуу органдарынын сезгениши – 4023, 2-орунда жүрөк кан тамыр оорулары – 1675, 3-орунда тамак синирүү – 755. Ал эми өлүмдүн себептерин алсак: 1-орунда жүрөк-кан тамыр оорулары -127, 2-орунда тамак синирүү органдары – 33, 3-орунда дем алуу органдары оорулары – 23, 4-орунда рак оорулары – 22.
Көйгөйлөр: Учурда райондо эмгектенип жаткан дарыгерлердин 83,8 % пенсия курагындагылар. Дарыгерлердин жетишсиздиги учурда алгачкы көйгөй болуп 7 үй бүлөлүк дарыгер, 2 реаниматолог, хирург, рентгенолог, лор, инфекционист, эндокринолог, уролог, кардиолог, врач лаборант, педиатр, иммунолог, невролог, функционалист, онколог, гинеколог, стоматолог, патанатом, эпидемиолог адистери жетишпейт. Жалпы 26 дарыгер жетишсиз.
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан аткарылган иштер боюнча:
2022-жылга салыштырмалуу 2023-жылда бруцеллез оорусу 16 учурдан 63 учурга, мунун ичинен өнөкөт бруцеллез 12 учурга , кызамык (корь) оорусу 1 учурга, көк жөтөл (коклюш) -2 учурга, кургак учук оорусу 22 учурдан 23 учурга (51,2-52,9) мунун ичинен бацилярный БК (+) 8 учурдан 9 учурга, вирустук гепатит “А” жаш балдар арасында 1 учурдан 8 учурга (18,4-37,2), өнөкөт вирустук гепатит 19 учурдан 91 учурга ( 44,2 – 209,6 ), мунун ичинен ВԔ 11 учурдан 64, (25,6-147,4), ВÔє 8 учурдан 22 учурга (18,6- 50,6) ,ВԔ дельта агенти менен 4 учурга, альвеококкоз ооусу 4 учурдан 8 учурга көбөйгөн. Ал эми жугуштуу ичеги карын оорулары 123 учурдан 122 учурга (286,3- 281,0), эхинококкоз оорусу 9 учурдан 4 учурга аз катталган.
Бруцеллез оорусу КР ССМнин 2018-жылдын 10-августундагы “Кыргыз Республикасында адамдардын бруцеллез оорусун алдан алуу боюнча иш чараларын өркүндөтүү жөнүндөгү № 586 буйругуна ылайык адамдарга диагностикалык лабораториялык изилдөө санитардык бактериологиялык лабораториянын жана Бишкек шаардык Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын лабораториясынын жыйынтыктары боюнча аныкталган.
Катталган 63 учурдун формасы боюнча алып карасак курч кармаганы – 44 учур, курчуй баштаган учуру (под острый) – 7 учур, биринчи жолу аныкталган өнөкөт бруцеллез оорусу менен – 12 учур катталган. Мунун ичинен бир үй-бүлөдөн ооругандар (семейный очаг) – 4 учур. Жалпы катталган 63 учурдун жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылгандардын арасынан – 14 учурдан гемокультура алынган. Бруцеллез оорусу менен байланыш болгон 120 адамга лабораториялык диагностикалык изилдөө болуп, мунун ичинен 20 учурунан Р.Хеддельсона, 4 учурунан Р.Райтага оң белги берген.
4 үй -бүлөлүк очак менен байланышкандардын арасынан 9 учуру он белги берген, анын ичинен 3 учурунан Р.Райта, 6 учуруна реакция Хеддельсон оң белги берип, №1 отчеттук формага киргизилип, туруктуу жашаган жериндеги үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда, ФАПтарда диспансердик көзөмөлгө алынган.
Бруцеллез оорусунун жугуу булагы негизинен майда жандыктардан: кышкы, жазгы туут учурунда өздүк эрежени толук сактабагандыктан жугузуп алгандар – 55 учур, ал эми чийки каймак аркылуу жугузгандар – 2 учур болуп аныкталса, 6 учуру жаш балдар арасында жугуу булагы белгисиз болгон. Мындан тышкары майда жандыктарды бруцеллез ылаңына каршы эмдөө боюнча 2021-жылы вакцина жок эмдөө иштери жүргүзүлгөн эмес. 2022-жылы 60 000 доза келип, бирок толук кандуу эмдөөгө жеткен эмес. 2023-жылы вакцинанын жоктугунан малга эмдөө иштери жүргүзүлбөй, оорунун өсүшү жогорулаган.
Айыл аймактары боюнча:
№ | Айылдардын аталышы | Жалпы | Эркек | Аял | 1 жашка чейин | 1-4 | 5-9 | 10-14 | 15-19 | 20-29 | 30 жаштан жогоркулар | курч | Курч астында | Өнөкөт |
1 | Чаек | 15 | 7 | 8 | 1 | 1 | 2 | 1 | 2 | 8 | 9 | 1 | 5 | |
2 | Байзак | 10 | 6 | 4 | 1 | 3 | 1 | 1 | 4 | 7 | 2 | 1 | ||
3 | Баш-Кууганды | 6 | 6 | 1 | 1 | 4 | 3 | 2 | 1 | |||||
4 | Таш-Дөбө | 3 | 3 | 3 | 2 | 1 | ||||||||
5 | Чоң-Дөбө | 2 | 2 | 1 | 1 | 2 | ||||||||
6 | Куйручук | 2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | ||||||
7 | Жаны-Арык | 12 | 9 | 3 | 3 | 3 | 6 | 12 | ||||||
8 | Лама | 3 | 3 | 2 | 1 | 2 | 1 | |||||||
9 | Кызыл-Жылдыз | 3 | 2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 3 | ||||||
10 | Көк-Ой | 3 | 3 | 1 | 2 | 1 | 2 | |||||||
11 | Кабак | 3 | 3 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | ||||||
12 | Мин-Куш | 1 | 1 | 1 | 1 | |||||||||
Жалпы: | 63 | 44 | 19 | 2 | 2 | 14 | 4 | 8 | 33 | 44 | 7 | 12 |
2023-жылдын апрель айында гепатит оорусун алдын алуу боюнча ВГВ каршы 8150 доза вакцин келген. Район боюнча ВГВга экспресс тестирлөө иштери Чаек, Байзак, Кызыл-Туу, Мин-Куш, Кызарт айылдарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жүргүзүлгөн. 2023-жылдын ичинде гепатит оорусун аныктоо боюнча бир катар иштер аткарылып, медицина, билим берүү кызматкерлери жана айыл тургундары текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 91 учур аныкталган.
Айылдардын аталышы | Байзак | Баш-Кууган | Кызарт | Жумгал | Кабак | Көк-Ой | Куйручук | К-Жылдыз | Мин-Куш | Таш Добо | Тугол-Сай | Чаек | Чон-Добо | Жалпы |
Өнөкөт вирустук гепатит а.и | 14 | 12 | 1 | 3 | 4 | 6 | 8 | 5 | 8 | 1 | 5 | 22 | 2 | 91 |
ВԔ
ВԔ дельта агенти менен |
13 | 9 | 2 | 4 | 3 | 5 | 5 | 6 | 1 | 5 | 15 | 1 | 68 | |
ВÔє | 1 | 3 | 1 | 1 | 3 | 3 | 2 | 7 | 1 | 22 |
ВГ жаш курагы боюнча
Жаш курагы | 20-29 | 30-39 | 40-49 | 50-59 | 60 жаштан жогору | Жалпы |
Катталганы | 8 | 13 | 28 | 30 | 12 | 91 |
Эмдөө иштери боюнча: Райондо эмдөө календарына ылайык жер- жерлердеги үй- бүлөлүк дарыгерлер топторунда, ФАПтарда ай сайын эмдөөлөр жасалууда. 2022-жылга салыштырмалуу 2023-жылдын аралыгында эмдөөдөн баш тарткандардын саны 138 учурдан 119 учурга азайган.
Жашы | Баш тарткандардын саны | Шектенүү боюнча | Диний көз караш боюнча |
1 жашка чейин | 52 | 5 | 47 |
1-5 | 36 | 14 | 22 |
6-10 | 15 | – | 15 |
11-14 | 16 | 1 | 15 |
Жалпы | 119 | 20 | 99 |
Эмгек , социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы:
Жакырчылыктын деңгээли:
Райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын каттоосу боюнча социалдык паспорт толтурулган үй-бүлөлөр 38 % түзөт. Анын ичинен (0-1000 сомго чейин (жакыр)- 1190 түтүн же 5955 адам, 1000 – 1455,90 сомго чейин (жарды)- 1653 түтүн же 7892 адам, 1455,90-2723,30 сомго чейин (кедей) -985 түтүн же 4597 адам, 2723,30 сомдон жогору же 6179 түтүн же 23882 адамдын жашоо деңгээли жакшы.
2023-жылдын 1-январына карата 38 % түзсө, 2024-жылдын 1-январына карата 36,8% салыштырмалуу жакырчылыктын деңгээли 1,2 % кыскарган.
Мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын маалыматы.
Аталышы | 2022-жылдын
12 айына
|
2023-жыл
12 айына
|
Айырмасы |
Жалпы түтүндүн саны | 10071 | 10007 | -64 |
Жалпы калктын саны | 42112 | 42323 | -214 |
Жалпы калктын канча пайызын мамлекеттик жөлөкпул алуучу үй-бүлөлөр түзөт. | 17,7 % | 16,5% | |
Жалпы мамлекеттик жөлөкпул алуучу үй-бүлөлөр | 1788 | 1651 | -137 |
Жалпы мамлекеттик жөлөкпул алуучулар | 4225 | 3759 | -466 |
Жалпы мамлекеттик жөлөкпулга каржыланган акча каражаты | 141626,0 | 141874,3 | 248,3 |
Анын ичинен социалдык жөлөкпул алуучу үй-бүлөлөр | 757 | 779 | 22 |
Социалдык жөлөкпул алуучулар | 839 | 837 | -2 |
Аларга каржыланган акча каражаты | 81535,0 | 83501,8 | 1966,8 |
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпул алуучу үй-бүлөлөр | 1031 | 872 | -159 |
“Үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучу балдар | 3386 | 2922 | -464 |
Аларга каржыланган акча каражаты | 60091,1 | 58372,5 | -1718,6 |
2023-жылдын 12 айына карата жалпы район боюнча 1892 (1748) ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катталган. Алардын ичинен 1066 жаран социалдык фонддо, 826 жаран эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турат. Алардын ичинен 18 жашка чейинки майып балдардын саны 272 (263), тубаса шал оорусу (ДЦП) менен ооруган балдардын саны 52 (48). Бала кезинен 293 (298), жалпы оорусу боюнча 60 (60).
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 25.12.2018-жылдагы №132 буйругунун негизинде багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы баккан жеке ассистенттин кызмат көрсөтүлөрүүнө 2023-жылдын 12 айына 118 (63)жеке ассистентке акы төлөнүүдө. ДМЧ баланын саны – 121 (64). Салыштырмалы 2023-жылдын 12 айында баланын саны 57, багуучу 55 көбөйгөн.
Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча:
2022-жыл
12 айына
|
2023-жыл
12 айына
|
Айырмасы | |
Тоголок жетимдер | 43 | 43 | 0 |
Жарым жетимдер | 754 | 648 | -106 |
Көзөмөлчүлүккө алынган балдар | 8 | 4 | 4 |
Асырап алынган балдар | 4 | 10 | 6 |
Камкордукка алынган балдар | 18 | 20 | 2 |
Окууга тартылбаган балдар | – | – | – |
Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдар | 1 | – | -1 |
Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү алынып берилген балдар | 5 | 6 | 1 |
Убактылуу камкордукка алынган балдар | 9
|
8
|
-1 |
ИПЗР ге алынган балдар | 19 | 28 | 9 |
ИДН, РИИБдин учетунда турган балдар | 8 | 14 | 6 |
Жатак үйгө жайгаштырылган балдар | 0 | 2 | 2 |
Үй тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылган балдар | 2 эркек, 5 кыз БИКтин токтому менен жайгаштырылган | 5 эркек бала, 1 кыз БИКтин токтому менен жайгаштырылган | -1 |
Бала асырап алууга учетто тургандар | 2 | 2 | 0 |
Фостердик үй-бүлөгө арыз бергендер | 5 | 10 | 5 |
Фостердик үй-бүлөгө алынган балдардын саны | 6 | 6 | 0 |
0-18 жашка чейинки балдар | 16769 | 17489 | 720 |
0-7 жашка чейинки балдар | 5261 | 5424 | 163 |
7-14 жашка чейинки балдар | 9167 | 9426 | 259 |
14-18 жашка чейинки балдар | 2341 | 2639 | 298 |
Орто мектептерде окуган балдар | 9314 | 9231 | -83 |
2023-жылдын 12 айында жабыр тарткандарга тиешелүү жардамдарды көрсөтүү жана социалдык реаблитациялоону камсыз кылуу максатында 2023-жылдын февраль айында “НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан Сүйүн Жумалиеванын демилгеси менен Чаек айылында ачылган зордук-зомбулукка кабылган, кароосуз калган үй-бүлө мүчөлөрүн, балдарды убактылуу жайгаштыруу үчүн атайын кризистик борбор ачылып, 2023-жылдын 12 айында кризистик борборго жалпы 30 жаран кабыл алынган. Мындан тышкары 2023-жылдын 23-июнунда Байзак айылында инклюзивдик борбор КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен ачылып учурда иш алып барып жатат.
Район боюнча 2023-жылдын 12 айына үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган 75 учур катталган. Ар бир катталган учурга анализ жүргүзүлүп, акт түзүлгөн. Анализ жүргүзүлгөндө 75 учурдун 48 учуру ичкилик, 2 учур жумушсуздуктан, 25 учур үй-бүлөлүк чыр-чытактан келип чыккан. Зордук-зомбулуктун келип чыгышынын негизги себеби, көпчүлүк учурда алкоголдук ичимдиктердин себебинен болууда. Катталган 75 учурдун ичинен 2 жаран 42 сааттык кара жумушка сот тарабынан кесилсе, 1 жаран пробациялык көзөмөлгө коюлуп, 5 адамдын иши сотто каралууда. Калгандары үй-бүлөлүк уруштун кесепетинен болгондуктан, бири-бири менен кечиришип, иштери жабылган.
2023-жылдын 12 айында эрте никеге туруу боюнча (1) 6 учур катталып, катталган учурдун 5 учуру пробацияга тартылып, 1 учурдун сот иштери аяктай элек. Мындан тышкары 3 (1) айылдык имам нике кыйгандыгы үчүн пробациянын 1 жылдык көзөмөлүнө коюлду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 25-т тескемесин райондо ишке ашыруу максатында Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 2023-жылдын 13-февралында № 47 буйругу чыгарылып, айыл өкмөт башчыларына, мекеме жетекчилерине аткарууга берилген. Буйрукка ылайык балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча 2023-2024-жылдарга иш-чаралар планы түзүлгөн. Иш-чаралар планына ылайык эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери тиешелүү деңгээлде иш жүргүзүлбөй, 9 айдын ичинде Жумгал айылында 1 учур, Кызарт айылында 2, Байзак айылында 1, Чаек айыл өкмөтунө караштуу Кызыл-Жылдыз жана Көк-Ой айылдарында 2 учур катталган. Ушуну менен катар мекемелер менен айыл өкмөттөрдүн арасында биргеликте иш алып баруу солгун жүрүп, эрте никеге туруу өсүп кеткен.
Жумгал району боюнча 43 тоголок жетим бала каттоодо турат. Бүгүнкү күндө жалпысынан 40 тоголок жетим балага депозиттик эсеп ачылып, эсепте 283 122 миң сомду түзөт. Калган 3 баланын ата-энеси жаны каза болгондуктан, депозиттик эсеп ачуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Учурда Чаек айылындагы «Нур-Булак» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндө – 13 бала, 4 – кыз жалпы: 17 бала тарбияланууда, ай сайын ҮБКБК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан түзүлгөн графикке ылайык мониторинг жүргүзүлүп турат жана 6 айда бир медициналык кароодон өтүп турушат.
Эмгек иш менен камсыз болуу:
Район боюнча жумуш издеп каттоодо тургандардын саны 2022-жылдын 12 айына 210 болсо, 2023-жылдын 12 айында 186 адамды түздү. Алардын ичинен расмий жумушсуздук статусу бар жарандардын саны 392 (528). Ал эми коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга тартылгандардын саны 82 (116) болсо, 4 (3) жаран кесиптик окутууга тартылды. 103 (99) жаран ишке орношсо, жаңы түзүлгөн жумуш орду 103 (99) болуп, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алгандар катталган жок.
Калкты иш менен камсыздоо боюнча динамикалуу салыштырма
2022-жыл
12 айы үчүн |
2023-жыл
12 айы үчүн |
|||
Жумушсуз
дардын саны боюнча |
Жумушсуз
дардын саны боюнча |
% | Жумушсуз
дардын саны боюнча айырма |
|
Жумушсуз катары кайрылган жарандардын саны | 210 | 186 | 88,5% | 24жумушсуз орунга аз |
Статус алган жумушсуздардын саны | 528 | 392 | 74,2% | 136 жумушсуз орунгага аз |
Иш менен камсыз болгон калктын саны | 99 | 103 | 104,0% | 4жумушсуз орунга көп |
Кесиптик окууга тартылган жумушсуздардын саны | 3 | 4 | 133,3% | 1 жумушсузга көп |
Акы төлөнүүчү коомдук жумуш | 116 | 82 | 70,7% | 34жумушсузга аз |
Жаңы түзүлгөн жумушчу орундар | 99 | 103 | 104,0% | 4 жумушчу орунга көп |
Район боюнча миграцияда жүргөн жарандардын саны – 1087 адамды түздү. Анын ичинен тышкы миграцияда – 458 адам, ички миграцияда – 629 адам болду. Миграцияда жүргөндөрдөн – 497 аял, эркек – 590 адамды түздү. Миграциядан кайтып келгендер – 15 адам.
Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасынын алкагында район боюнча 6 (8) айыл өкмөт катышып, 12 (17) долбоор ишке ашып, аталган долбоорго аз камсыз болгон үй бүлө тартылып, 52050 (75300) кг ун, 5205 (7530) литр май берилген. Былтыркы жылга салыштырмалуу 2 долбоорго аз тартылган.
№ | Азык-түлүк программасы (ВПП ООН) | 2022-жыл 12 айына карата | 2023-жылдын 12 айына карата | Салыштырмалуу |
Катышкан айыл аймактар | 8 | 6 | -2 | |
Долбоордун саны | 17 | 12 | -5 | |
Алынган ун | 75300 кг | 52050 кг | -23250 кг | |
Алынган май | 7530 л | 5205 л | -2325 л |
Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнɵлүк азык-түлүк программасынын алкагында жаны 2023-жылы акчалай долбоору боюнча маалымат.
№ | Көрсөткүчтөр | Жумгал | Эскертүү |
1 | Катышкан айыл аймактар | 6 | |
2 | Долбоордун саны | 8 | Азыркы убакта жумуш толук аяктап, эмгек акыга заявка берилди |
3 | Акчалай сумма | 22050 | БУУ БДАТП акчалай долбоору доллар валютасы менен көрсөтүлдү |
4 | Тартылган аз камсыз үй-бүлɵлɵрдүн саны | 147 |
Социалдык келишим боюнча: долбоордун негизинде 2022-жылга 101, 2023-жылы 105 үй-бүлөгө, жалпы район боюнча 206 үй бүлө социалдык келишим боюнча долбоорго катышкан. тармак боюнча долбоор жактырылып, бүгүнкү күндө баардыгы киреше таап иштеп жатышат.
- Тигүүчүлүк иши боюнча – 28 үй-бүлө
- Ширетүү иштери боюнча – 2 үй-бүлө
- Мебелдик цех боюнча – 1 үй-бүлө
- Күнөскана куруу боюнча – 1 үй-бүлө
- Кондитер боюнча – 3 үй-бүлө
- Мончо салуу, иштетүү – 2 үй-бүлө
- Соода түйүнун ачуу – 4 үй-бүлө
- Кафе ачуу – 1 үй-бүлө
- Үй канаттууларын багуу – 1 үй-бүлө
- Мал багытында – 157 үй-бүлө
- Курулуш багытында – 1 үй-бүлө
- Бал челектерди иштетүү тармагында – 3 үй-бүлө
- Балык өстүрүүгө – 1 үй-бүлө
- Самын иштетүү- 1 үй-бүлө
Билим берүү тармагы:
Учурда райондун аймагындагы 23 орто мектепте жана 1 мектеп-гимназиясында 882 мугалим эмгектенип, балдарга билим жана тарбия берип жатышат. Анын ичинен 808 жогорку билимдүү, 17 – бүтпөгөн жогорку, атайын орто – 57.
2022-2023-окуу жылында 1-11-класстар 444 класс комплекти болуп, окуучулардын саны 9231 түзсө, 2023-2024-окуу жылы менен 442 класс комплекти болуп 9231 окуучу тартылган. Ал эми 480 сааттык программа менен 36 класс комплекти бекитилип, 750 (784) окуучу тартылган.
Билим сапаты:
2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен билим сапаты 50 % түзсө, 2023-2024-окуу жылынын 2-чейреги менен 49 % түзүп, 2022-2023-окуу жылынын 2-чейреги менен билим сапаты 49,8 % болуп, салыштырмалуу 0,8 % азайган.
Мугалимдердин билим сапатын жогорулатуу боюнча:
2023-2024-окуу жылында мугалимдердин билим сапатын жогорулатууда план боюнча 140 (141) мугалим болсо анын ичинен 2-чейректин аралыгында 58 (63) мугалим, тарбиячы курстан өтүшкөн.
Китеп боюнча:
Кыргыз тилдүү мектептерде китеп менен камсыз болуу 81,32% (81,32%), орус тилдүү мектептерде 78% (78) болуп жалпы 79,66% түзгөн. Салыштырмалуу мектептерди окуу китептери менен камсыздоодо өзгөрүү жок.
Компьютер менен камсыздалышы:
Жалпы 24 мектепте 761 (707) компьютер болсо анын ичинен 94 (98) даанасы иштебейт. Камсыз болуусу 76 % (74,6) түзгөн.
Видео көзөмөл:
2023-2024-окуу жылында 24 (23) мектепке 192 (170) камера орнотулган. Ал эми 25 бала бакчанын ичинен 9 (7) бала бакчага 102 (94) даана камера орнотулган.
Ысык тамак:
Район боюнча жалпы 24 (22) мектепте 3762 (3759) окуучуга 5 күндүк ысык тамак берилип жатат. Бөлүнгөн акча каражаты 6771600 сом. 2023-жылдын сентябрь айынан тартып Эпкин айылындагы А.Садырбаев атындагы орто мектебиндеги окуучуларга ысык тамак берилүүдө. Жумгал өнүктүрүү фонду тарабынан 1 млн 752 миң сомго ашкана салынган. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 2 млн 200 миң сомго ашкана эмеректери алынып, Түгөл-Сай айыл өкмөтү тарабынан 95 000 сом акча каражаты каралып суу киргизилип, тиешелүү шаймандар алынган.
ЖРТ боюнча:
2023-жылдын сентябрь айынан тартып мугалимдерди окутуп, жыйынтык көрсөтүү боюнча иш аракеттер көрүлүп, 77 мугалим окуу курсунан өттү. Мындан тышкары ЖРТга даярдануу боюнча атайын даярдалган китептер КР Жогорку Кеңешинин дапутаты Э.Жамгырчиев тарабынан 11-классты аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө 530 окуу китеби таратылып берилген.
Бала бакчалар:
Район боюнча 25 (24) бала бакчада 131 (127) тарбиячы эмгектенсе, кыска мөөнөттүү 3 саатык 10 бала бакчада 22 (22) тарбиячы иш алып барат. 2023-2024-окуу жылында 2211 бала тартылса, 2023-2024-окуу жылында 2258 бала тартылган. Салыштырмалуу 47 балага көп тартылган.
Маданият тармагы боюнча:
Жумгал райондук маданият бөлүмүнө 4 искусство мектеби, 1 райондук борборлоштурулган китепкана, 1 райондук маданият үйү, 1 райондук тарыхый-этнографиялык музей, 14 айылдык маданият үйлөрү, клубдар жана 18 айылдык китепканалар карайт.
Маданият бөлүмүнɵ тиешелүү мекемелерде республикалык бюджеттен каржыланган кызматкерлердин саны 106 адамды түзөт, жергиликтүү бюджеттен каржыланган кызматкерлер 66. Айылдык клубдар маданият үйлөрүндө жалпы 43 адам эмгектенет. Анын ичинен жогорку билимдүү 3, атайын орто 11, орто билимдүүсү 29.
Материалдык-техникалык базасын чындоо боюнча:
Райондук маданият бөлүмү 2023-жылдын октябрь айында райондук “Демилге” гезитинин имаратын баланстан баланска өткөрүп алуу менен жаңы иш орду менен камсыз болду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен 200 000 (эки жүз миң) сом каралып имараттын жылуулук системасы, полу жасалды. С.Рысманбетов атындагы балдар искусство мектеби Кара-Кече ишканасынын жылуулугу бар бөлмөлөрүнө көчүрүлдү. Жаңы-Арык жана Миң-Куш балдар искусство мектептеринде дагы ондоп-түзөө иштери жасалды.
КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан райондук маданият бөлүмүнө, искусство мектептерине компьютер, принтер берилди. Маданият үйүнө август айында 46 500 ( кырк алты мин беш жүз) сомго микрофондор алынып жаныланды. Райондук маданият үйүнө республикалык бюджеттен 200 000 сом сахна костюмдары үчүн бөлүнүп, айымдарга 5 улуттук чапан, 5 улуттук узун чыптама, 5 суусар тебетей, ал эми мырзаларга 5 улуттук көйнөк, 5 улуттук чапан алынды.
Миң-Куш БИМ комузчулар ансамблинин формасы үчүн айыл өкмөтү 50 000 сом каражат берилди жана өздүк каражаттардын эсебинен кабинеттер жасалды.
Ошондой эле материалдык- техникалык базаны чыңдоо максатында 500 000 (беш жүз миң) сом бөлүнүп райондук маданият үйүнө музыкалык аспаптарды алуу, куурчак театрын жандандыруу жана улуттук формаларды, компьютер алуу үчүн тендер жарыяланды. Ал эми маданият бөлүмүнүн аппаратына 145 000 (жүз кырк беш миң) сомго офистик мебелдер алынды.
Искусство мектептер боюнча:
Райондо Чаек, Мин-Куш, Байзак жана Жаңы-Арык айылдарында искусство мектептери иш алып барышат. 2022-2023-окуу жылында 407 бала тартылса, 2023-2024-окуу жылында 383 окуучу тартылды. Салыштырмалуу 24 балага аз тартылган.
Искусство мектептеринде окуп жаткан окуучулар облустук, республикалык деңгээлдеги кароо-сынактарга катышып, алдыңкы орундарды камсыздашкан. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын кесипкөй хореографиялык билим берүүнүн 80 жылдыгына арналган фестивалында “Кыргыз бийлеринин нукура мурасы” топторунун ичинен Ч.Дүйшеева атындагы балдар искусство мектебинин окуучулары тандоодон өтүп гала-концертке катышып келишти. Сейтек балдар борборунда өткөрүлгөн кароо-сынакта I, II – орундарды камсыздап, диплом, ыраазычылык каттарга жана баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Мындан тышкары вокал классынын окуучулары: Асылбеков Ислам, Рысбекова Аэлита Бишкекте өткөн “Достук шаңы” чыгармачыл жаштардын VIII Эл аралык кароо-сынагына катышып, Асылбеков Ислам I жана Рысбекова Аэлита II даражадагы дипломго ээ болушту. 2023-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында XVII Эл аралык “Дельфи” оюндарына Миң-Куш жана Ч.Дүйшеева атындагы балдар искусство мектептеринин окуучулары катышып жетишкендиктерге ээ болушту.
К.Акиев атындагы Жумгал музыкалуу драма театрында 2023-жылдын 12 айында 1494 көрүүчүгө театрлаштырылган майрамдык иш чаралар тартууланып, 135150 сом акча каражаты чогулган.
Спорт тармагы боюнча:
Район боюнча 2023-жылдын 12 айында 39 (республикалык деңгээлде 4, облустук деңгээлде-1, райондук деңгээлде 34) спорттук иш чара уюштурулуп, 2786 адам катышып, спорттук иш чарага жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 1 млн 787 миң сом сарпталган.
Жогорудагылар менен кошо райондун аймагындагы Миң-Куш, Чаек, Байзак айылдарындагы балдар уландар спорт мектептеринде окуган окуучулар тарабынан ийгиликтер болуп жатат. 2023-2023-окуу жылына 740 окуучу тартылып, жыл сайын балдардын тартылуусу көбөйүп, жаш спорт сүйүүчүлөргө шарттар түзүлүп жатат.
Жумгал районунун Хоккей боюнча ХΙ-республикалык ачык кубогу Миң-Куш, Байзак айылдарында 2023-жылдын 4-5-февралда уюштурулду. Жалпы оюнга 7 команда катышып 1-орунду Жумгал-Шортон, 2-орунду “Локоматив” жана 3-орунду “Байзак баатыр” командалары камсыздашып жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланды.У.Жумалиевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча Республикалык турнир 2023-жылдын 26-28-май күндөрү өткөрүлдү. Турнирге 7 дубандан 200дон ашык балбандар келишти. Мындан тышкары 2023-жылдын 2-декабрында Жумгалда жаш өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча республикалык ачык биринчилиги болуп өттү. Спорттук иш-чарага Ат-Башы, Түп, Талас, Ак-Талаа, Ысык-Көл райондорунан 150дөн ашык спортчулар келип катышты.
Жумгал районундагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2023-жылдын январь-декабрь айларынын абалы жөнүндө маалыматтарды угуп жана талкуулап, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясы, токтом кылат:
- Жумгал районунун 2023-жылдын январь-декабрь айларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы милдеттери жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мекеме ишканалар тарабынан берилген маалыматтар эске алынсын.
- Кемчиликтерге жол берген айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине тартиптик чара көрүү жагы төмөнкү айыл өкмөт башчыларына сунушталсын:
– Кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) жерлерин ижарага берүүдө 2023-жылдын жыйынтыгы менен ижарадан түшкөн акыларын чогултууда Жумгал айыл өкмөтү тарабынан 65,2 % пайызга гана аткарылганын эске алуу менен, Жумгал айыл өкмөтү тарабынан жоопкерчиликтүү мамиле жазабай төмөн дэнгээлде иш алып баргандыгы үчүн, Жумгал айыл өкмөт башчысынын тиешелүү кызматкерине тартиптик чара көрүү берүү жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго сунушталсын.
– Санарип аймак тутумуна жарандарды жана үй чарбаларды каттоодо Миң-Куш айыл өкмөтү тарабынан жеткиликтүү денгээлде жана канаттандыраарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Мин-Куш айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерине тартиптик чара берүү жагы Мин-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Сасыкуловко сунушталсын.
- Кемчиликтерге жол берген төмөнку мекеме жетекчисине тартиптик чара көрүлсүн:
– Жугуштуу оорулардын одоно көбөйүшүнө жол бергендиги үчүн жана аталган ооруну кыскартуу боюнча тиешелүү иш аракеттерди тийиштүү дэнгээлде жүргүзбөгөндүгү үчүн Жумгал райондук ветеринардык кызматынын башчысы Э.Сапарбек уулуна “Эскертүү” тартиптик чарасы берилсин.
- Кемчиликтерге жол берген төмөнкү жетекчилерге жогорку турган органдарына тартиптик чара көрүү жагы сунушталсын:
– 2023-жылдын жыйынтыгы менен СЕД-Инфодокс электрондук документ жүгүртүү тутумуна кошулуп иш алып барбаган Кыргызтелеком мамлекеттик ишканасынын Жумгал райондук филиалынын жетекчисине;
– Жугуштуу оорулардын одоно көбөйүшүнө жол бергендиги үчүн жана аталган ооруну кыскартуу боюнча тиешелүү иш аракеттерди тийиштүү дэнгээлде жүргүзбөгөндүгү үчүн У.Жапаров атындагы Кочкор район аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Жумгал райондук бөлүмчөсүнүн башчысы Р.Муктасовко.
- Райондогу мекеме жана ишкана жетекчилерине төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
- Аппарат кызматкерлеринин наамындагы турак үйлөрүн, автоунааларын камсыздандыруусу боюнча иш алып барышсын;
- Элге мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, калкка жеткиликтүү, ачык-айкын электрондук кызмат көрсөтүү боюнча тынымсыз иш алып барышсын;
- Жалпы райондогу мекеме-ишканалар кызматтык имараттардын сырткы көрүнүштөрүн ондоп түздө, өздөрүнө бөлүнгөн тийиштүү аймактарды тазалоо иштерин такай жүргүзүшсүн;
- Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган бардык жыйналыштарга, чогулуштарга мамлекеттик кызматчынын дресс кодун сактоо менен келишсин;
- Райондук жарандык коргонуу кызматтарынын материалдык техникалык базаларын жакшыртуу боюнча иш алып барышсын;
- Райондук жарандык кызматтарынын атайын техникаларын дайыма оң абалда кармап турушсун;
– Жарандардын суроо талаптарына, мыйзамдуу кайрылууларына сергек мамиле жасоо менен жеринде чечүү иштерин жүргүзүү менен арыз даттануулар менен иштөө боюнча мыйзамдарды жетекчиликке алып, ар бир арызга көрсөтүлгөн мөөнөттө так чечип жооп берүүсүн көзөмөлгө алышсын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен жер мунапысын жүргүзүүдө райондук комиссияга кирген мекеме жетекчилер тарабынан тиешелүү иштер жеткиликтүү денгээлде жүргүзүлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, тескемелерин, Министрлер Кабинетинин токтомдорун, тескемелерин, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн протоколдук тапшырмаларын жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктарын жана протоколдук тапшырмаларын тиешелүүлүгүнө жараша жетекчиликке жана аткарууга алышсын жана аткарылышы боюнча маалымат менен Жумгал райондук мамлекеттик администрациясын көрсөтүлгөн мөөнөтүндө камсыз кылып турушсун.
- Айыл өкмөт башчыларына төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
- Турак-жайларды, социалдык обьектилерди жана муниципалдык менчиктеги имараттарды милдеттүү түрдө камсыздандыруу иштерин колго алышсын;
- 2024-жылдын бюджетинин эсебинен ар бир айыл өкмөттүн имаратына коопсуздукту камсыз кылуу максатында борбордук сигнализация койдуруу, турникет орнотуусун ишке ашырышсын жана имаратты атайын кайтаруу үчүн райондук ички иштер бөлүмү менен же болбосо атайын имараттарды кайтаруучу уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүн колго алышсын;
- Ар бир айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундарды жана жарандарды кабыл алуу боюнча коомдук кабылдамалар уюштурулуп иш алынып барылсын;
- Өнөр жай тармагында өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу, өсүү темпин камсыз кылуу, кичи жана орто өндүрүштөрдү ачуу боюнча иштерди жүргүзүшсүн;
- Ар бир айыл аймакта жылдын жыйынтыгы менен бирден ишкана ачылсын, жаңы жумушчу орундар түзүлсүн. Инвестиция тартуу боюнча дайыма иштерди жүргүзүшсүн;
- Кыш мезгили аяктаганга чейин көмүр отуну менен райондогу калкты тынымсыз камсыз кылып турушсун;
- Республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген 10 млн сомду натыйжалуу пайдаланышсын;
- Жергиликтүү бюджеттин кирешеден жана чыгашадан ашкан бөлүгү боюнча үнөмдөлгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланышсын;
- Жер мунапысын жүргүзүү боюнча райондук комиссия менен тыгыш иш алып барышсын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” №713 токтомунун негизинде 2024-жылы Жумгал районунун айыл аймактарында таза суу, ирригация, жайыт жана таштанды кызматтарына тарифтерди бекитүүсүн, бекитилген планга ылайык тиешелүү төлөмдөрдү өз убагында чогултууну жана берилген планды 100 пайыз аткаруу жагы милдеттендирилсин. Жогорудагы тапшырма аткарылбаган учурда айыл өкмөт башчылардын жана тиешелүү кызматкерлеринин жеке жоопкерчилиги каралсын;
- Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте айыл-чарбасында өндүрүлгөн дүң продукциянын көлөмүн 100% аткаруу жагын колго алышсын;
- Тундүк-түштүк альтернативдик жолдорунун жээктерине жашылдандыруу көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүнү, бак-дарактарды отургузууну ишке ашырышсын;
- Райондогу чакан ГЭСтерди куруу үчүн жер аянттарын тактоо жана инвентаризациялоо боюнча иш аракеттерди көрүшсүн;
- Таштанды төгүүчү жайлардын уруксаат берүүчү документтерин мыйзамга ылайык келтиришсин;
- Ар бир айыл аймакка яма беккари чуңкуру 2024-жылдын 3-кварталына чейин курулсун;
- Ар бир айыл аймактын ар бир айылына раскол 2024-жылдын 1-кварталы менен курулуп ишке берилсин;
- Жумгал районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация системаларын курууну жана реабилитациялоонун иш кагаздарын бүткөрүү жагын колго алышсын;
- Элге мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, “Бирдиктүү терезе” принцибин камсыз кылуу, калкка жеткиликтүү, ачык-айкын, электрондук кызмат көрсөтүү боюнча тынымсыз иш алып барышсын;
- Айыл аймактардын башкы пландарын иштеп чыгууга 2024-жылга кабыл алына турган бюджеттен каражат бөлүү боюнча жергиликтүү кеңештерге сунуштарды беришсин;
– Жаш дарыгерлерди тартуу максатында саламаттыкты сактоо мекемелери менен биргеликте жаш дарыгерлерге социалдык пакеттерин жеткиликтүү деңгээлде чечип берүү боюнча жергиликтүү кенештерге сунуштарды берүүсүн колго алышсын;
– Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 9-январындагы “Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун коргоо жөнүндөгү” №6 Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, районго тартылган жаш кадрларга материалдык колдоо көрсөтүү, турак-жай салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча аракеттерди көрүшсүн;
– Айыл тургундарын милдеттүү медициналык камсыздоодон өткөрүү, саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери менен биргеликте түтүнмө-түтүн кыдырып түшүндүрүү иштерин толук кандуу жүргүзүшсүн;
– Кургак учук, альвеококкоз, эхинококкоз ж.б оору менен ооруган жарандарга жол киресине акча каражатынан жардам берүү жагын карап көрүшсүн;
– Эмдөөдөн баш тарткан тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, имам, медицина кызматкерлери менен биргеликте жыйындарды уюштуруу жагын колго алышсын;
– Томолой жетим балдарга банктан эсептик счет ачуу, ачылган депозиттик эсеп счетун толуктоого каражат бөлүү боюнча иш алып барышсын;
– Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын-алуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, КААБтардын иштерин жандандыруу жагына көзөмөлдү күчөтүшсүн;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы “Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө” №390 токтомуна ылайык үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартибине ылайык тиешелүү мекемелер менен биргеликте иш алып барууну күчөтүшсүн;
– Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана жаш өспүрүмдөрдү аныктоо максатында үймө-үй кыдыруу иштери улантылсын, тиешелүү тармактар менен биргеликте ата-энелер, жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу менен калкка маалымат жеткирүү иштерин күчөтүшсүн;
– Айыл өкмөттөрү тарабынан уюштурулган жыйындарда айылдык имам, саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте эрте никеге турууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көзөмөлдөшсүн;
– айылдарда катталган үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактыларын алдын алуу максатында ар бир айылда сатылган спирт ичимдигин көп ичкен үй-бүлөсүнө тынчтык бербеген жарандарга карата райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте көзөмөлдүү күчөтүп, түшундүрүү иштерин жүргүзүшсүн;
- Туристтик жайга баруучу жолдорду ондоп-түзөө жана таштандыларды таштоо үчүн атайын урналарды орнотуу боюнча иш алып барышсын;
- Аймактардагы борбордук көчөлөрдү ирээтке келтирүү жана таза кармоо боюнча дайыма уюштуруу иштерин жүргүзүп турушсун жана архитектуралык өнүгүүсүн көзөмөлдөөнү райондун шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы менен бирдикте ишке ашырышсын;
- Жашыл мурас боюнча ишти күчөтүү менен алып барышсын;
- Ар бир айыл аймактын кире беришине жана чыга беришине видеөкөзөмөлдөө аппараттарын орнотууну толук бүткөрүшсүн;
- Бузуулар боюнча фактылар аныкталганда айыл өкмөтүнүн доступ берилген аппарат кызматкерлери тарабынан протоколдордун толтурулушуна көзөмөл жүргүзүшсүн;
- Жогорку органдардан келген документтерди турмушка ашыруу боюнча уюштуруу иштерине талаптарды күчөтүү жана аткаруучулук тартипти чындоо менен муниципалдык кызматкерлердин функционалдык милдеттеринин аткарылышына күнүмдүк көзөмөл жасоону күчөтүшсүн;
- Жарандардын суроо талаптарына, мыйзамдуу кайрылууларына сергек мамиле жасоо менен жеринде чечүү иштерин катуу көзөмөлгө алуу менен арыз даттануулар менен иштөө боюнча мыйзамдарды жетекчиликке алып, ар бир арызга көрсөтүлгөн мөөнөттө так чечип жооп берилишине дайыма көзөмөл жүргүзүшсүн;
- Райондун айылдарындагы баардык туруктуу жашап жаткан жарандардын “Санарип аймак” тутумуна катталышын 100 пайызга чыгарышсын.
- Салык кызматынын Жумгал райондук башкармалыгынын башчысы (Н.Исмаиловго) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин
– 2023-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен мамлекеттик бюджеттин планга ылайык толук аткарылгандыгы белгиленсин жана 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы менен онбөй калган карыздарды толук кандуу өндүрүшсүн
- Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы (А.Калмурзаевге) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин
– Жазгы талаа иштерине даярдык көрүп башташсын;
– Айыл чарба кластерлерин түзүү боюнча уюштуруу иштерин колго алышсын;
– Кунарсыз жайыт аянттарына планга ылайык үрөндөрдү кошумча себүү жагын колго алышсын;
– Райондогу үрөнчүлүк чарбаларын иштерин координациялоо, мамлекеттик фондунун жерлерин рационалдуу пайдалануу боюнча иш программаларды түзүп, анын аткарылышын көзөмөлдөө, райондогу пайдаланылбаган жерлерди өздөштүрүү боюнча иш чараларды түзүү, айыл чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү, экспорттоо жаны технологияларды пайдалануу багытында иш аракеттерди көрүү жагы боюнча ш алып барышсын;
- Сүттү, этти өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү комплекстүү өнүктүрүү боюнча долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу боюнча ар тараптуу колдоо, көмөк көрсөтүүнү колго алуу менен сүт багытындагы уйларды сатып алуу, жасалма уруктандыруу боюнча иштерди колго алышсын;
- Чаек айыл аймагына караштуу Көк-Ой айылындагы ФПСтин жерлерин тактоо жана инвентаризациялоо боюнча Чаек айыл өкмөтү менен биргеликте иш алып баруу жагы тапшырылсын;
- Райондогу суу чарба башкармалыгынын башчысы (Ж.Ишенбек уулуна) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин
– Вегетациялык сугат мезгилине карата райондун ирригация тармагын даярдоону колго алышсын;
– Райондук суу чарба башкармалыгынын балансында жана колдонуусунда турган атайын техникаларды дайыма оң абалда кармап турушсун.
- Райондогу ветеринардык кызматынын башчысы (Э.Сапарбек уулуна) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин
- Райондо эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүшсүн;
- Райондогу жеке ветеринардык адистер менен тыгыз байланышта иш алып барышсын;
- Жеке ветеринардык адистерге таратылып берилген вакциналардын максаттуу пайдаланышы боюнча катуу көзөмөлгө алышсын;
- Малдарды идентификациялоо боюнча иштерди аягына чыгарышсын жана эмдөө иштерин дайыма мөөнөтү менен жүргүзүлүшүн көзөмөлгө алышсын.
- 11. Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы (Р.Баялиевага) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин
- Жалпы билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууну колго алышсын;
- Окуучулардын билим сапатын жогорулатууда кесипкөй адистерди мугалимдикке тартуу иштерин жүргүзүшсүн;
- Окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүшсүн;
- Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иш-планын иштеп чыгуу жана бекитүү, мугалимдер үчүн тажрыйба алмашуу аянтчаларын дайыма уюштурууну колго алышсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы №224 Жарлыгын кынтыксыз аткарууга алышсын:
- 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөрүү, район боюнча жалпы көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында азыртадан баштап иш пландарды түзүп, тиешелүү денгээлде иш аракеттерди көрүү жагын колго алышсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 13-декабрындагы №561 Жарлыгын кынтыксыз аткарууга алышсын;
- ЖРТга даярдыктарды көрүү боюнча 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө окуу программадан тышкары сааттарды (кружокторду) уюштуруу, жума сайын окуучулардан жана мугалимдерден тестирлөө алуу жагын колго алышсын;
- 9-класстан кийин окубай калган балдарды аныктап, мониторинг жүргүзүү жана ай сайын маалымат берип турушсун;
- 2023-2024-окуу жылын ийгиктүү аяктоо, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, олимпиадага “Алтын тамгага” окуучуларды даярдоо, жыйынтык чыгаруу боюнча иш аракеттерди көрүшсүн;
- Райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин арасында ички тартипти орнотуу менен иш жүргүзүшсүн;
- Райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана мектеп, бала бакча башчыларынын жоопкерчилигин күчөтүшсүн;
- 12. Жумгал райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору (А.Тентиевага) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин
– Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун материалдык техникалык базасын кеңейтүү боюнча инвесторлор менен иш алып барышсын;
– Жаш дарыгерлерди жумушка тартуу боюнча иш аракеттерди тынымсыз көрүшсүн;
– Дарыгерлердин квалификациясын системалык түрдө дайыма жогорулатып туруу боюнча атайын иш план иштеп чыгышсын;
– Айыл тургундарын милдетүү медициналык камсыздоодон өткөрүү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте түтүнмө-түтүн кыдырып түшүндүрүү иштерин толук кандуу жүргүзүшсүн;
– Жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча атайын баракчаларды даярдап жер-жерлерде ден-соолук комитеттери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;
– айыл аймактарындагы ФАП, ҮДТлардын имараттарына мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча маалымат тактасын даярдап, учурунда толуктап турушсун.
- Кочкор райондор аралык санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүнүн Жумгал райондук бөлүмчөсүнүн башчысы (Р.Муктасовго)
- Эл арасында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүүнү күчөтүшсүн;
- Жугуштуу ооруларды кыскартуу боюнча иш алып барышсын;
- Райондо санитардык абалды жакшыртуу максатында кафелердин, ашканалардын, тамактануучу жайлардын жана соода кылуучу түйүндөрдүн санитардык абалын текшерүү боюнча тынымсыз рейдерди жүргүзүшсүн.
- Жумгал райондук электр тармактар ишканасынын башчысы (З.Үсөналиевге) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин
– Берилген лимиттен сырткары электрэнергиянын ашыкча колдонулбашы боюнча катуу көзөмөл жүргүзүү, дебитордук карыздын суммаларын кыскартуу, абоненттердин карыздарын өндүрүү, пайдаланган электр энергиясы болгон акыны ай сайын толук өндүрүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү. Күз-кыш мезгилинде электроэнергия боюнча авариялык абалдарды жана өзгөчө кырдаалдарды жаратпоо боюнча профилактикалык иштерди күчөтүшсүн.
- Жумгал райондук ДЭП-24 жол тейлөө ишканасынын башчысы (А.Кубатбековго) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин
– Жол тейлөө ишканасынын карамагындагы автоунаа жолдорунун сапаттуу курулушун жүргүзүү менен жолдорду өз убагында ондоп түзөө иштерин жүргүзүү, автомобиль жолдорундагы, көчөлөрдөгү жол белгилерин толуктап, табигый кырсыктардан бузулган участоктор менен тынымсыз иш алып баруу тапшырылсын. Карамагындагы жолдорду оңдоп түзөө боюнча бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануусун дайыма көзөмөлгө алышсын. Күтүү жумуштарын тиешелүү денгээлде аткарууну колго алышсын.
– Ыкчам жана зарыл жумуштарды жүргүзүү үчүн атайын техникага керектеле турган күйүүчү майлоочу майларын дайыма запаста кармап турушсун.
- Жумгал районунун шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу (У.Асанбековго) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин
– Жер мунапысын жүргүзүүдө тиешелүү иш кагаздарын ыкчам түрдө бүтүрүп берүү жагын колго алсын;
– “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча” №490 токтомун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте тийиштүү жумуштарды аткарууну тынымсыз жүргүзүшсүн;
– Жумгал районунундагы негизги жолдордун жээгинин инфраструктурасын жакшыртуу жана ички жолдорду жакшыртуу, бирдей стандартка келтирүү жана иштөөгө ылайыктуу долбоорлорду иштеп чыгуусун колго алышсын;
– жеке менчик курулуштардын мыйзамдуулугун дайыма көзөмөлгө алып турушсун;
– курулуштарга жер берүүнү автомобиль жолдорунун, суу фондунун, жогорку чыналуудагы электр зымдарынын корук аймактарын сактоо менен жүргүзүшсүн;
- Жер ресурстары агенттигинин Жумгал райондук филиалынын жетекчисинин милдетин аткаруучусу (Н.Убайылдаевага) төмөндөгүлөр тапшырылсын
– Жер мунапысын жүргүзүүдө райондук комиссия тарабынан арыз менен кайрылган жарандардын тапшырылган тиешелүү документтеринин негизинде жер аянттарына мамлекеттик актысын берүүнү тездетүү жагы милдеттендирилсин.
- Райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы (А.Бектургановага) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин
– Аз камсыз болгон үй-бөлөөлөргө берилип жаткан мамлекеттик жөлөкпулдардын даректүүлүгүн жана өз убагында берилишин дайыма көзөмөлдөө жана ар бир үй-бүлөөгө так анализ жасалышын көзөмөлгө алышсын;
– соц контракт боюнча 100 миң сомдон алган үй-бүлөөлөргө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү колго алышсын;
– ата-энеси эмгек миграциясында болгон балдарды эсепке алууну, кароону, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды тынымсыз көрүшсүн;
– айыл аймактардан келген социалдык колдоого муктаж болгон жарандардын арыз-даттанууларын өз убагында чечилишин колго алышсын;
– калкты жакырчылыктан чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүшсүн;
– Материалдык жактан муктаж болгон балдарды камкордукка алышсын.
- Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы (Т.Ысырановго) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин.
– Райондо элдин маданиятын көтөрүү максатында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маданият жагынан ан сезимини жогорулатуу ирээтинде атайын иш пландарды түзүп, иш планга ылайыктуу маданий агартуу иш чараларды өткөзүп туруу жагы милдеттендирилсин;
– Авариялык абалдагы жана капиталдык оңдоого муктаж болгон маданият мекемелерин ондоп-түзөө үчүн эл аралык долбоорлор, демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алышсын;
– Райондун аймагындагы маданий иш чараларды уюштурууну дайыма колго алышсын.
- Калкты жана жарандык актылардын абалдарын каттоо департаментинин Жумгал 05-03 райондор аралык калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы (М.Бекматовго) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин
– Районго калкты тейлөө борборун ачууга Чаек айыл өкмөтү менен биргеликте тиешелүү аракеттерди көрүшсүн;
- Жумгал райондук статистика бөлүмүнүн башчысы (С.Эрмековага) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин
– Райондун социалдык-экономикалык паспортун түзүүдө жана ошондой эле статистикалык маалыматтарды камтыган документтерди жогорку органдарга берүүдө райондук статистика бөлүмү тарабынан берилүүчү статистикалык маалыматтарды толук, сапаттуу жана суралган мөөнөтү менен толтурулуп берилишин көзөмөлгө алышсын.
- Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы (М.Жылдызевге)
– Райондун аймактарында кооптуу абал жаралган учурда кооптуу абалды жөнгө салуу үчүн жарандык коргонуунун кызматтарын жана жалпы элди толук мобилизация кылуу боюнча ыкчам иш аракеттерди көрүшсүн;
– Карамагындагы турган атайын техникаларды, адамдык куч ресурстарын дайыма даярдыкта кармоо менен атайын техникаларга колдонулуучу күйүүчү майларды запаста кармап турушсун.
- Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы (А.Мусаевге) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин
- Жалпы укук коргоо органдары менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте райондо коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмыштуулукту алдын алуу, массалык тартипсиздиктерге жол бербөө, диний экстремисттик көрүнүштөр боюнча иш-чараларды күчөтүшсүн. Уй-бүлөөлүк зордук зомбулукту, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана зордук зомбулукту алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүшсүн;
- Райондун аймагындагы жол кырсыктарын, жана жалпы кылмыштуулукту азайтууну колго алышсын;
- Райондун борбору келген Чаек айылындагы борбордук көчөдө автоунаалардан жаралган тыгындарды азайтуу максатында, жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаалардын ээлерине тыгындарды жаратпоо боюнча райондук жол коопсуздугун камсыздоо кызматы менен биргеликте түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүүнү колго алышсын.
- Райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары кварталдык отчеттук мезгилден кийинки айдын 10-числосунан кечиктирбестен, ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына берип туруу жагы тапшырылсын. Нарын облустук жана Жумгал райондук коллегияларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана аткаруучулук тартип боюнча 2023-жылдын 6 жана 9 айларынын жыйынтыктары тууралуу коллегиялык отурумдардын токтомдорун кынтыксыз жана өз мөөнөтү менен аткаруусу милдеттендирилсин.
- 25. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басарына (Р.Жумуков), орун басарына (А.Ишеналиева), аппарат жетекчисине (М.Тентиев) тапшырылсын.