“Жооптуу бол” акциясында Жумгал райондук жалпы дарыгерлер практика борбору 2-орунду камсыз кылды.
Калк арасында жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу максатында бардык медициналык мекемелерде мырзалар үчүн уюштурулган “Жооптуу бол!” акциясында Жумгал райондук жалпы дарыгерлер практика борбору 2-орунду камсыз кылды.
Республика боюнча уюштурулган бир айлык акциянын жыйынтыгында Нарын блустук үй-бүлөлүк медицина борбору биринчи орунга ээ болуп 200 миң, ал эми Жумгал райондук жалпы дарыгерлер практика борбору экинчи орунду камсыздап 150 миң сомдук сыйлыктарга ээ болушту.
Акцияны Швейцариянын “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору менен өнөктөштүктө Саламаттык сактоо министрлиги баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдардын арасында өткөргөн. Саламаттыкты сактоо мекемесинин каттоосунда турган 18 жаштан жогорку эркектердин ден соолугун текшерүү менен жугуштуу эмес кант диабети, жүрөк кан-тамыр, кан басымдын жогорулашы, өпкө, залалдуу шишик ооруларын алдын алууга жана аныктоого багытталган акция февраль айында жүргөн.
Рубрикалар:
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
- Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы көп балалуу энелерди сыйлады.
- Жумгал районунда 2025-жылдын жарым жылдык жыйынтыктоочу коллегиясы өттү
- ЖАКЫНДА МИНЕРАЛДЫК СУУСУ ЖАНА ЧАЛАП ӨНДҮРҮЛӨ БАШТАЙТ
- 2025-жылдын 15-майында, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Чаек айылындагы бир катар өндүрүштүк объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомунун Жобосуна ылайык, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын курамына кирүү үчүн жарандык коомдун талапкерлерин тандоого сынак жарыялайт.
Жаңылыктар календары
Август 2025 Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 Материалдар архиви
Пайдалуу шилтемелер: