Урматтуу Жумгал районунун тургундары!!!
Жумгал районунун Өнүктүрүү фондусу Жумгал районунун аймагында ишкердик менен алектенген ишердик субъектилерди колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 токтомуна ылайык ар бир кварталдын 1-айында насыя берүү үчүн экономикалык долбоорлорду кабыл алып жаткандыгын маалымдайбыз.
Ишкерлерге насыя 2% менен 7-жылдык мөөнөткө чейин берилиши каралган.
Насыя Кыргыз Ренспубликасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы кредиттик фондусу аркылуу берилет.
Кошумча суроолор боюнча төмөндөгү дарек боюнча же төмөндөгү телефондор боюнча кайрылсаныздар болот.
Жумгал району, Чаек айылы, Э. Матыев көчөсү, 127. (Жумгал районунун өнүктүрүү фондусу) 3-кабат 2-кабинет.
Тел: 0707 997 667
0707 471 172