7-апрель – Элдик революциясына арналган эскерүү иш чарасы өттү.
/7.04.2025/ 7-апрелде, Чаек айылында 2010-жылдагы Элдик революциясынын 15 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү.
Эскерүү аземи революциянын курмандыктарына коюлган эстеликтин жанында өтүп, ага район жетекчиси А.Набиев, Чаек айыл өкмөтү Т.Күчмуратов мекеме-ишкананын жетекчилери, 7-апрель баатырлары жана курмандыктарынын жакындары катышышты.
Район акими А.Набиев эскерүү сөзүн сүйлөп, тарыхый датанын маанисин айтып, бул күн – элдин эркиндикке болгон умтулуусун, адилеттүүлүк үчүн күрөшүн жана шейит кеткендердин ыйык элесин эскерүү күнү экендигин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө курман болгондордун арбагына куран окулуп, гүл чамбар коюлуп, маданият үйү тарабынан көркөм окуулар менен коштолгон чакан эскерүү иш чарасы өткөрүлдү.
Ошондой эле, 7-апрель Элдик революциясынын катышуучуларына жана маркумдарынын жакындарына айыл өкмөттөрү тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлдү.



Рубрикалар:
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
- Жумгал районунун туристтик потенциалы
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомунун Жобосуна ылайык, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын курамына кирүү үчүн жарандык коомдун талапкерлерин тандоого сынак жарыялайт.
- Жер мунапысынын алкагында Түгөл-Сай айыл аймагынан кабыл алынган 48 арыздын алдын ала түзүлгөн тизме
- Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы көп балалуу энелерди сыйлады.
- Жумгал районунда 2025-жылдын жарым жылдык жыйынтыктоочу коллегиясы өттү
Жаңылыктар календары
Май 2026 Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 
Материалдар архиви
Пайдалуу шилтемелер:
