“Бир айыл бир продукт” долбоору менен тыгыз кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы “Бир айыл-бир продукт” Улуттук экономикалык долбоору жөнүндө” № 29 Жарлыгын аткаруу максатында, 2024-жылдын 28-августунда “Бир айыл бир продукт” коомдук уюмунун директорунун орун басары Сүйүнбекова Сайкал, “Бир айыл бир продукт” долбоорунун эксперти Накамура Сан, “Бир айыл бир продукт” долбоорунун Нарын облусундагы координатору Акматов Кубан Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А.Набиев менен жолугушуп, тыгыз кызматташуу боюнча макулдашылды.
Долбоор тарабынан тандалып алынган Жумгал районундагы өндүрүүчүлөр “Как алма чипсысы”, “Кызыл туз ооз чайкоочу каражатын чыгаруу”, “Самын чыгаруу” жана Бал өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын жетекчиси менен жеринде жолугушуп, жабдууларды алып берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
№26 Кесиптик лицейинин материалдык-техникалык базасы менен таанышышты.
Ошондой эле, “Кургатылган эт” чыгаруучу жана “Эмел” минералдык суусун чыгаруучу жеке ишкерлер дагы аталган долбоор тарабынан тандалып алынып, долбоордун өкүлдөрү аталган жеке ишкерлер менен жолугушуулар уюштурулат.



Рубрикалар:
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
- Жумгал районунун туристтик потенциалы
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомунун Жобосуна ылайык, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын курамына кирүү үчүн жарандык коомдун талапкерлерин тандоого сынак жарыялайт.
- Жер мунапысынын алкагында Түгөл-Сай айыл аймагынан кабыл алынган 48 арыздын алдын ала түзүлгөн тизме
- Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы көп балалуу энелерди сыйлады.
- Жумгал районунда 2025-жылдын жарым жылдык жыйынтыктоочу коллегиясы өттү
Жаңылыктар календары
Май 2026 Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 
Материалдар архиви
Пайдалуу шилтемелер:
