“Бир айыл бир продукт” долбоору менен тыгыз кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы “Бир айыл-бир продукт” Улуттук экономикалык долбоору жөнүндө” № 29 Жарлыгын аткаруу максатында, 2024-жылдын 28-августунда “Бир айыл бир продукт” коомдук уюмунун директорунун орун басары Сүйүнбекова Сайкал, “Бир айыл бир продукт” долбоорунун эксперти Накамура Сан, “Бир айыл бир продукт” долбоорунун Нарын облусундагы координатору Акматов Кубан Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А.Набиев менен жолугушуп, тыгыз кызматташуу боюнча макулдашылды.
Долбоор тарабынан тандалып алынган Жумгал районундагы өндүрүүчүлөр “Как алма чипсысы”, “Кызыл туз ооз чайкоочу каражатын чыгаруу”, “Самын чыгаруу” жана Бал өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын жетекчиси менен жеринде жолугушуп, жабдууларды алып берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
№26 Кесиптик лицейинин материалдык-техникалык базасы менен таанышышты.
Ошондой эле, “Кургатылган эт” чыгаруучу жана “Эмел” минералдык суусун чыгаруучу жеке ишкерлер дагы аталган долбоор тарабынан тандалып алынып, долбоордун өкүлдөрү аталган жеке ишкерлер менен жолугушуулар уюштурулат.
Рубрикалар:
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
- ЖАКЫНДА МИНЕРАЛДЫК СУУСУ ЖАНА ЧАЛАП ӨНДҮРҮЛӨ БАШТАЙТ
- 2025-жылдын 15-майында, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Чаек айылындагы бир катар өндүрүштүк объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомунун Жобосуна ылайык, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын курамына кирүү үчүн жарандык коомдун талапкерлерин тандоого сынак жарыялайт.
- Таяк тартыш боюнча облус башчысынын Кубогунда Жумгалдык балбандар байгелүү кайтты
- Балдар арасында жана балдарга карата жасалган кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча отурум өттү
Жаңылыктар календары
Июнь 2025 Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 Материалдар архиви
Пайдалуу шилтемелер: