Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

/12.12.2024/ Жумгал районунун аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук зомбулук, укук бузуу фактыларын алдын алуу максатында “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү.
Иш чарага 9-10-11 класстын окуучулары, “Асылзат” кризистик борборунун жетекчиси Турусбекова Шахра жана социалдык педагогдор катышып өспүрүмдөргө милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгү, күч каражаттары жана атайын даярдалган кинология бөлүмү боюнча да тааныштырылып, Жумгал РИИБдин жетекчилиги менен эркин темада аңгемелешүү болду.
Мындан сырткары Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн жыйындар залында өспүрүмдөргө таасир берүүчү жана кесип тандоого багыт берүүчү видео роликтер көрсөтүлүп, бейформал кофе үстүндө баарлашуу жүргүзүлүп кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Жооп калтыруу