/12.12.2024/ Жумгал районунун аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук зомбулук, укук бузуу фактыларын алдын алуу максатында “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү.
Иш чарага 9-10-11 класстын окуучулары, “Асылзат” кризистик борборунун жетекчиси Турусбекова Шахра жана социалдык педагогдор катышып өспүрүмдөргө милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгү, күч каражаттары жана атайын даярдалган кинология бөлүмү боюнча да тааныштырылып, Жумгал РИИБдин жетекчилиги менен эркин темада аңгемелешүү болду.
Мындан сырткары Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн жыйындар залында өспүрүмдөргө таасир берүүчү жана кесип тандоого багыт берүүчү видео роликтер көрсөтүлүп, бейформал кофе үстүндө баарлашуу жүргүзүлүп кызыккан суроолоруна жооп алышты.



Рубрикалар:
Веб сайттан издөө
-
Акыркы документтер
- Жумгал районунун туристтик потенциалы
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомунун Жобосуна ылайык, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын курамына кирүү үчүн жарандык коомдун талапкерлерин тандоого сынак жарыялайт.
- Жер мунапысынын алкагында Түгөл-Сай айыл аймагынан кабыл алынган 48 арыздын алдын ала түзүлгөн тизме
- Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы көп балалуу энелерди сыйлады.
- Жумгал районунда 2025-жылдын жарым жылдык жыйынтыктоочу коллегиясы өттү
Жаңылыктар календары
Май 2026 Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 
Материалдар архиви
Пайдалуу шилтемелер:
