Балдарга карата зомбулукту алдын алуу иш-чаралары

Балдарга карата зомбулукту алдын алуу иш-чаралары
5-апрель күнү Жумгал райондук прокуратуранын демилгеси менен Жумгал районунун аймагында балдарга карата зомбулукту жоюу, жашы жете электер арасында кылмыштуулукту, укук бузууну, зордук-зомбулук, суицид, эрте никеге туруу, топтошуп мушташуу ж.б. алдын алуу боюнча Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Чаек айыл өкмөтүнүн Т.Турсунбаева, М.Алыбаев, С.Турусбеков орто мектептеринде ата-энелер менен жыйын өттү. Аталган жыйынга райондун акими А.Набиев, орун басары А.Ишеналиева, райондун прокурору Б.Пазилов, айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Күчмуратов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Р.Садыр уулу, ичеи иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары И.Султангазиев, балдар менен иштөө инспекторлору, ЖКК кызматы, эмгек, соц башкармалыгы, соц кызматкерлер, ардагерлер ж.б. катышып, учурда орун алып жаткан абал талкууга алынып, ата-энелердин жоопкерчилиги белгиленди.

Жооп калтыруу