“Атын кайтаруу” долбоору
База Нарын 123 солдат Справка Кырг АНО Евразия
База Нарын 123 солдат Справка Кырг АНО Евразия
Лицей 14 млн 714 миң сомго Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган жана Кыргыз Республикасынны Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү көндүмдөр” долбоорунун алкагында окуу жайда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн жана жабдуулар менен камсыздалган. Лицей 1971-жылы №26-Кесиптик-техникалык окуу жайы болуп ачылган. 1996-жылы Кесиптик лицей статусун алып,…
“Бир айыл бир продукт” долбоору менен тыгыз кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы “Бир айыл-бир продукт” Улуттук экономикалык долбоору жөнүндө” № 29 Жарлыгын аткаруу максатында, 2024-жылдын 28-августунда “Бир айыл бир продукт” коомдук уюмунун директорунун орун басары Сүйүнбекова Сайкал, “Бир айыл бир продукт” долбоорунун эксперти Накамура Сан, “Бир…
Жумгал районунун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүндөгү “Абдыкерим БСРин механикалык тазалоодон өткөрүү ” долбоору ишке ашырылууда. Долбоорго ылайык БСРдин ичин тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Долбоор боюнча подряддык иштерди аткарып жаткан “Хасан Ферум ЛТД ” ЖЧКсы. Долбоордун тендердик наркы- 4655681 сом. Жумгал районунун өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланып жаткан сумма-4155681 сом….
Жумгал районунунун Байзак айылында 120 орундуу бала бакча салынууда, курулуш иштерине республикалык бюджеттен 94 млн сом каралган. Учурда “Бакай” ЖЧКсы тарабынан имараттын биринчи кабаты бүткөрүлүп, экинчи кабатынын үстү жабылуу алдында турат. Маалымат үчүн, райондогу чоң айылдардын бири болгон Байзак айылында 10 сааттык 3 бала бакча жана 3 сааттык кыска мөөнөттүү…
Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн 15 жаштагы тургуну Касымбеков Бактияр Самбо боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигинде 49 кг салмакта күрөшүп 1-орунду камсыз кылып, Азия чемпионатына жолдомо алган. Бактияр азыркы учурда 11-18- май күндөрү Казакстандын Актау шаарында өтө турган Самбо боюнча Азия чемпионатына өлкөбүздүн намысын коргоо үчүн даярданып жатат. Машыктыруучусу спорт чебери…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомунун Жобосуна ылайык, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын курамына кирүү үчүн жарандык коомдун талапкерлерин тандоого сынак жарыялайт. Комиссиянын курамына жарандык коомдун талапкерлерин тандоо Комиссиянын ишине катышуунун ачык-айкындуулук жана ыктыярдуулук принциптеринде…
Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата жана окуучулар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана зордук-зомбулукту болтурбоо,ошондой эле мектеп окучуларын спортко, ынтымакка тартуу максатында Миң-Куш айылында кыздар арасында волейбол оюну уюштурулду. Оюнга Жумгал районунун айылдарынан жети команда катышты. Жеңүүчүлөргө Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан сыйлыктар тапшырылды.
26-февралда Түгөл-Сай айылынын С. Медетов атындагы орто мектебинин окуучуларына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана сактануу эрежелери боюнча сабактар өткөрүлдү. Окутуу машыгууну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жумгал райондук бөлүмү жана БУУнун ЮНИСЕФ уюмунун ыктыярчылары менен биргеликте уюштурушту. Машыгуу учурунда “Айгай” жарыяланып окуучулардын өрттөн, жер титирөөдөн жана сел кырсыктарынан сактануу даярдыгы текшерилди. Андан…